Транспорт жана байланыш министрлиги бүгүн 18-февралда өлкөнүн бардык ашууларында жол ачык, каттам бардыгын билдирди.
Маалыматка ылайык, Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери автоунаа жолдорунда кар тазалоо, кум-шагыл чачуу, ошондой эле кар күрткүлөрүн тазалоо иштерин күнү-түнү жүргүзүп жатышат.
Ошол эле учурда министрлик ашуу аркылуу жол жүргөн айдоочуларды жол коопсуздугун камсыздап, ылдамдыкты сактоого, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырды.
17-февраль күнү саат 12:10 чамасында Бишкек–Ош жолундагы Чычкан капчыгайынын эки тилкесине кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу жол убактылуу жабылганы кабарланган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу аймактарында жаан-чачын жаап, ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн экенин улам эскертүүдө. Жолдор тайгак болуп, муз тоңорун белгилеп, буга байланыштуу унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоого чакырган.(ZKo)