Германиянын канцлери балдардын социалдык тармактарды колдонуусуна тыюу салууну жактарын айтты

Германиянын канцлери Фридрих Мерц жашы жете элек балдардын соуиалдык тармактарды колдонуусуна тыюу салууну жактарын айтты.

Мындай чара киргизүү ал жетектеген Христиан-демократиялык партиянын апта этегиндеги курултайында талкууланмакчы.

Жергиликтүү подкастка берген интервьюда канцлер изилдөөлөр 14 жаштагы өспүрүмдөр күнүнө беш саат же андан көп убакытты гаджеттердин маңдайында өткөргөнүн көргөздү деп белгиледи. Муну менен жаштардын социалдык жүрүм-турумунда маселелер пайда болот. Мерц чектөө, тыюуларга анча оң карабаганын айтып, бирок балдарды коргоо биринчи орунда турууга тийиш деп кошумчалады.

Буга чейин башкаруудагы коалицияга кирген Социал-демократтар партиясы 14 жашка чейинки балдардын социалдык түйүндөргө кирүүсүнө толук тыюу салуу жана 16 жашка чыга электер үчүн соцтармактардын атайын версиясын түзүү демилгесин көтөргөн. Мерц өнөктөш партиянын сунушун колдорун айтты.

Deutsche Welle жазганына караганда, Германиянын көпчүлүк жашоочулары 16 жашка чейинки балдарга соцтармактарды пайдаланууга уруксат бербөөнү жакташат.

Бир катар европалык өлкөлөр, арасында Испания, Франция, Британия, Греция, Дания, Италия жана башкалар жашы жетелек балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салууну пландап жатат.

Дүйнөдө биринчи болуп Австралия ушундай чараны ишке ашырган. Ал жакта тыюу күчүнө киргенден кийин бир нече жума ичинде социалдык тармактар өспүрүмдөргө таандык дээрлик 5 миллион аккаунтту өчүргөн.

Бийлик чектөө жаштарды интернеттеги ыдыктан, жалган маалыматтан, мыйзамсыз мазмундан коргоону көздөйт деген жүйөсүн айтып келди.

Жаңы жобо Tik Tok, YouTube, Instagram, Facebook, Snapchat, Reddit жана X платформаларына тиешелүү. WhatsApp, электрондук почта, онлайн оюндарга жана билим берүү долбоорлоруна чектөө киргизилбейт.

Былтыр ноябрда Европарламент социалдык платформаларды чектеген мыйзам кабыл алуу кеңешин берген.

Дагы караңыз

Женева сүйлөшүүлөрү: Аскердик багытта жылыш бар, саясий маселелерде белгисиздик"Укугубуз тебеленип, убара болдук". БШК чечимине талапкерлер нааразыКыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек арачылары жолугушту