Аталган округда мыйзам бузуулар катталып, шайлоо жокко чыккан. 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганы маалым болгон.
Буга талапкер Бакыт Сыдыковдун ысымы аталган. 1-мартка кайра шайлоо жарыяланып, 22 талапкер ат салышып жаткан. Мындан улам БШКнын соңку чечими талаштуу пикирлерди жаратты.
18-февралда Жогорку Кеңеште №13 округдан шайланып келген Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова ант берип, депутаттык кызматка киришти. Ага чейин 13-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы бул округдагы жыйынтыкты өзгөртүп, аталган үч талапкерди жеңүүчү деп тапкан.
Жыйында Ички иштер министрлигинин Тергөө бөлүмүнүн башчысы Аллаберди Мавлянов тергөөдө шайлоо күнү талапкер Бактыбек Сыдыковдун тарапташтарынын мыйзамсыз аракети тастыкталганын айтып, калган 13 талапкерге эч кандай кылмыш иши козголбогонун билдирген.
БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов мекеме чечим кабыл алууда ИИМдин ушул корутундусуна таянганын билдирип, буларга токтолду:
"30-ноябрда өткөн шайлоодо республика боюнча эң көп шайлоочу дал ушул №13 шайлоо округунда болгон. Мында дээрлик 48% шайлоочулар өз добушун берген. Алардын конституциялык укуктарын эске алышыбыз керек. Мисалы, мыйзам бузууга себепчи болгон талапкердин добуштарын жокко чыгарып, ушундай чечим кабыл алганга туура келди. Шайлоо мыйзамдарынын талабына ылайык, милициянын корутундулары үч күндүн ичинде, ал эми кошумча иликтөөнү талап кылса беш күнгө чейин узартып, корутунду бериши керек эле. Бирок бул корутундуну алар (милиция) эки айдан ашык убакыттан кийин берди. БШК корутундуларды убагында албагандыктан кайра шайлоо дайындаган, бул биздин функцияга кирет. Кайра шайлоо жарыялангандан кийин корутунду келип түшүп, БШК өз чечимин жокко чыгарды".
Бекматов азыркы тапта талапкер Бактыбек Сыдыковдун эки тарапташынын мыйзамсыз аракетине милиция укуктук баа берүүнү караштырып жатканын, кылмыш иши козголгонун кошумчалады.
"Шайлоо оюнчук эмес"
Милициянын корутундусу кеч берилгенине карабай аны БШК таанып, өзүнүн баштапкы чечиминен кайтканы коомчулукта талкуу жаратты. Анткени мекеме бул округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын былтыр 3-декабрда жокко чыгарган. Аймактагы 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганы, үгүтчүлөр ким кандай добуш бергенин байкап турганы ачыкка чыккан.
Кийин кайра шайлоо жарыяланып, добуш берүү 1-мартка белгиленген. Ал үчүн 25 талапкер каттоодон өтүп, үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан эле.
Ушул тапта он чакты талапкер укугу бузулганын айтып, БШКга арыз жазды. Алардын катарында талапкер Гүлнура Апсабырова да бар. Ал БШК чечимин үгүт иштери жүрүп жатканда укканын, расмий түшүндүрмө албаганын айтууда.
"30-ноябрда өткөн шайлоодон кийин №13 шайлоо округунан утуп чыккандардын добуштарын жокко чыгарышты. Эми ошол маселени 100% чечип, бир жаңсыл болгондон кийин кайра шайлоо жарыяласа, биз мынча убара тартпайт элек. Азыр мына 22 талапкердин моралдык, материалдык укугу тебеленип отурат. Буга ким жооп берет? БШК жооп бергиси келген жок, алар 300 миң күрөөңөрдү кайтарып беребиз дешти. Калган чыгымдарды өзүңөр кандай чечсеңер ошондой чечкиле деп койду. БШК расмий кат жазып же билдирүү жиберген жок. "Той бүттү, эми кете бер" дегендей мамиле болду. Бул мамлекеттик деңгээлдеги шайлоо, аны кыргызстандыктар гана эмес, бүт дүйнө көрүп, байкоо салып турат. Азыр эми шайлоочуларыбыз бизге келип, "азыр силер өз укугуңарды коргой албай отурасыңар, кийин балким депутат болуп барып калсаңар биздин укукту кантип коргой алмак элеңер?" деп жатышат".
Дагы бир талапкер Нуркан Койчуманова азыр БШКнын расмий жообун күтүп жатканын, кийин сотко да кайрылганы жатканын айтты.
"Биз чүчүкулак кармап, шайлоо өнөктүгү башталар алдында БШК төрагасы, президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү жана башка расмийлер келип, №13 шайлоо окуругундагы жагдай президенттин жеке көзөмөлүндө экенин айтышкан. Алар ошондой эле шайлоо таза өтөрүн, акча таратуу, мыйзам бузууга жол берилбейт деп айтылгандыктан ишенгенбиз. Эми азыркы күндө коомдо болуп жаткан окуяларды көргөндөн кийин мамлекетибизде мыйзам иштейт дегенге жеке мен ишенбей калдым. Адам укугу биринчи орунда турушу керек эле, бирок биздин укугубуз тепселенип жатса да ага көңүл бурулган жок. Демек, каржы жана башка маселелердин чечилишине күмөнүм бар".
БШКнын чечими, шайлоого болгон ишеним
БШК талапкерлердин күрөөгө коюлган 300 миң сому кайтарылып берилерин айтканы менен үгүт өнөктүгүн баштап алган талапкерлер бул алардын чыгымынын азганактай эле бөлүгү экенин айтууда.
Серепчи Руслан Акматбек №13 округдун айланасындагы соңку окуялар БШКнын ишине жана жалпы эле шайлоого болгон элдин ишенимин жокко чыгарарын белгилейт.
"Эми бул окуя биринчи жолу катталып жаткан жери жок. Акыркы окуялар көрсөткөндөй, коомдук-саясий процесстер бийликтин тегерегинде болуп жатат. Ал жердеги негизги эреже бул - эрежесиздик. Эмнеге деп сурасаң - ошого деп туруп тыянак чыгарылып калат. Бул эрежесиздикти камсыздаган дагы өзүм билемдик. Мунун артында чечим чыгаруучулардын гана кызыкчылыгы жатат. Буга чейин коомчулук БШКга канчалык ишеним артканын мен билбейм. Бул ишенимди БШК эбак эле күмөн туудурган акыбалга алып келген. Анын чыгарган чечимдери акылга сыйбай калгандыктан коом ага көнүп бүткөн. Күч органдары менен башкарылган өлкөлөрдүн баарында БШКнын көз карандысыз, объективдүү чечим чыгаруусу жокко барабар".
Бүгүн парламентте жаңы үч депутат менен катар буга чейин өз арызы менен мандатынан ажыраган Элдар Сулаймановдун ордуна келген Азизбек Абдуллаев да ант берди.
Кыргызстанда парламентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн. Жогорку Кеңештин азыркы 90 мандаттуу VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштаган.
Шерине