УКМК козгогон иштерин атайын комиссия иликтей албай турганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) атайын кызмат акыркы беш жылда козгоп, тергеген бардык кылмыш иштерин карап чыгуу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүү сунушуна комментарий берди.

УКМК Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык, тиешелүү укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрү (УКМК, ИИМ ж.б.) тергеген иштердин мыйзамдуулугуна прокуратура органдары көзөмөл жүргүзөрүн, ал эми сот адилеттигин ишке ашыруу укугу сот органдарына гана таандык экенин билдирди.

Атайын кызмат кылмыш иши боюнча соттун өкүмүн жана башка чечимдерин Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган тартипте тиешелүү соттор гана текшерип жана кайра карашы мүмкүн экенин кошумчалады. Тергөөчүнүн процессуалдык чечимдерин прокуратура изилдеп, жокко чыгарышы мүмкүн экени айтылды.

Ушуга байланыштуу, кылмыш иштерин кайра кароо боюнча кандайдыр бир комиссияларды түзүү жөнүндөгү сунуш конституциялык принциптерге каршы келери, анткени мыйзамдарда тергөө-сот ишине кийлигишүүгө тыюу салынганы белгиленди.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынып, алардын ордуна жаңылары дайындалды.

Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин айрымдар УКМК акыркы беш жыл ичинде козгогон кылмыш иштерин атайын комиссия түзүп, иликтеп чыгуу демилгесин көтөрүшкөн.

Камчыбек Ташиевдин отставкасынан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков камалды. УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Салмоорбек Жумабеков кызматынан алынды. Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев да камакка алынды. (BTo)

Дагы караңыз

Жогорку окуу жайга өтүү үчүн тестирлөөнүн төмөнкү баллы быйыл да 110 бойдон калдыЖумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасы болуп дайындалдыУКМК өспүрүмдөрдүн интернет аркылуу радикалдашуусун алдын алууга чакырдыОштун жаңы мэри Акаев президент "таза иште" деп талап койгонун айттыБашкы прокуратура ишкерлерди мыйзамсыз текшергендер жазаланарын билдирдиПарламентте эки депутаттык топтун лидерлери алмаштыБишкекте дарыгерлер кесиптешинин бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп жатышатУкраин аскер күчтөрүнүн мурдагы башчысы Залужный Зеленский менен чыры тууралуу айтып берди