Кыргызстандын мамлекеттик карызы 9 млрд долларга жакындады

Иллюстрациялык сүрөт.

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти. Бул тууралуу соңку маалымат 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү.

Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн доллар тышкы карыз. Тышкы карыздын көп бөлүгү - 1 млрд 500,86 млн доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет.

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын декабрь айында өткөн Элдик курултайда Кыргызстан 2035-жылга чейин тышкы карыздан толук кутуларын айткан. Президенттин сөзү боюнча, 2026-жылы 1 млрд 48 млн, 2027-жылы 1 млрд 277 млн, ал эми 2028-жылы 1 млрд 326 млн сом сырткы карыз төлөнөт. 2030-жылдан тартып сырткы карыздын көлөмү азайып, өлкө 2035-жылы карыздан толук кутулат.

Садыр Жапаров акыркы жылдары сырттан алынып жаткан каражат өзүн актай турган чоң экономикалык долбоорлорго жумшалып келатканын айтып келет.

Айрым экономисттер соңку жылдары өлкөнүн ички карызы кескин көбөйгөнүн, кыска мөөнөткө жана жогорку пайыз менен алынып жаткан мындай карыз экономика, мамлекеттик бюджет үчүн кооптуу экенин эскертип келишет. (BTo)

Дагы караңыз

Газа тилкесинде тынчтыкты коргоого Казакстандын армиясы да катышатУКМКнын коррупцияга каршы күрөшкөн 6-башкармалыгынын жетекчиси камакка алындыРеспубликалык спорттук коллеждин директору Айбек Ташматов камалдыАмангелдиев Максим Бакиевдин Испаниядагы мүлкүн алууга Ширшов жардам берип жатканын айттыАмангелдиев Алексей Ширшов катышкан жолугушуу боюнча комментарий бердиЧеченстандан качып кеткен Баймурадованын сөөгүн жерге берүү зыйнатын армян өкмөтү каржылайт Ошто "Келечек" базарынын соодагерлери мэрден маселесин чечип берүүнү талап кылыштыКамчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов эки айга камалды