Москвада Кыргызстандагы "Жогорку Нарын ГЭС каскадын" куруу долбооруна байланыштуу жолугушуу өттү. Орусиянын Энергетика министрлигиндеги сүйлөшүүгө кыргыз өкмөт башчысынын орун басары Данияр Амангелдиев баштаган делегация катышты. Алардын арасында Кыргызстандан энергетика тармагындагы ири коррупциялык схемаларда аты аталып келген Алексей Ширшов дагы болгону ачыкка чыгып, мындай жагдай талаш-талкууларга жем таштады.
Москвада "Жогорку Нарын ГЭС каскадына" байланыштуу жолугушуу өткөнү тууралуу кыргыз өкмөтү дагы, Энергетика министрлиги дагы эч кандай расмий маалымат берген эмес. Бул тууралуу 17-февралда Орусиянын Энергетика министрлиги кабарлаган.
Анда энергетика министри Сергей Цивилев кыргызстандык кесиптештери менен алака-катыштын актуалдуу маселелерин талкуулаганын, негизинен "Жогорку Нарын ГЭС каскады" долбооруна байланыштуу кызматташуу маселелерин жөнгө салуу сөз болгонун билдирген. Маалыматта жолугушууга Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана орусиялык "Русгидро" ишканасынын өкүлдөрү катышканы жазылган. Ошондой эле Таалайбек Ибраевдин оң жагында Кыргызстандагы коррупциялык схемаларда аты аталып жүргөн Алексей Ширшов отурганы тартылган сүрөт жарыялаган, бирок көп өтпөй эле бул сүрөт өчүрүлгөнү белгилүү болгон.
Данияр Амангелдиев “Жогорку Нарын ГЭС каскады” боюнча Кыргызстан менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсүнө Алексей Ширшов катышканын “Азаттыкка” ырастады. Өкмөт өкүлү муну Ширшовдун долбоорду ийне-жибине чейин билери менен түшүндүрдү:
Данияр Амангелдиев
"Жогорку Нарын ГЭС каскады" боюнча келишимди Кыргызстан бир тараптуу бузган. Орусия тарап эл аралык сотко берип Кыргызстанды утуп алган. Ошол боюнча карызыбыз бар. Башында 37 млн доллар болчу. Туумдары менен 54 млн долларга жетип калды. Карыз үчүн долбоорду башка инвесторлорго берүүгө мүмкүн болбой жатат. Алексей Ширшов проектти майда-чүйдөсүнө чейин билет. “ЭлКатты” мамлекетке кайтарганга жардам берди. Андан тышкары Максим Бакиевдин Испаниядагы мүлктөрүн мамлекетке алуу ишине көмөк көрсөтүп жатат. Алексей Ширшов Министрлер кабинетинин буга чейинки төрагасы Акылбек Үсөнбекович менен деле иштешкен. Бирок социалдык тармактарда туура эмес сөздөр тарап жатат".
Амангелдиев Ширшовдун өкмөттө кандайдыр бир кызматы жок экенин айтып, карызга байланыштуу маселени чечүүгө көмөк көрсөтүп жатканын кошумчалады. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин Испаниядагы мүлктөрүн Кыргызстандын пайдасына алуу иштери аягына чыгып калганын, мүлктөрдү мамлекетке алууга Ширшовдун көрсөтмөлөрү жардам берип жатканын билдирди.
“Максим Бакиевдин Испаниядагы мүлктөрүн мамлекетке алуу ишине көмөк көрсөтүп жатат. Алексей Ширшов Министрлер кабинетинин буга чейинки төрагасы Акылбек Үсөнбекович менен деле иштешкен. Бирок социалдык тармактарда туура эмес сөздөр тарап жатат”, - деди ал.
Алексей Ширшовдун эч кандай кызматы жана макамы жок кыргыз тараптан расмий жолугушууларга катышып жатканы сынга кабылды.
Талдоочу Эрнест Карыбеков бул мамлекеттин кадыр-баркына көлөкө түшүргөн учур экенин айтты:
Эрнест Карыбеков
"Эми ошол расмий жолугушууга Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары катышыптыр. Анан министр өзү катышыптыр. Анан Ширшовдун бул жерге кандай тиешеси бар, кандай расмий укугу бар? Амангелдиев айткандай Ширшов баарын билсе анда министр эмне кылып жүрөт? Эми бул чатак окуя. Бул тармакты, бул долбоорду билген, нукка салган, иштетип кете алган расмий мамлекеттик кызматкерлер толтура эле. Бул жолугушууга министр билбесе ошолорду алып барышы керек болчу. Убагында качып жүрүп кайра келген адамга бир чети ишенич деле болбойт да. Качып жүрүп кайра келип иштей береби? Ушундай боло береби? Бул окуя жалпы имижге, энергетикага эмес, жалпы өлкөгө көлөкө түшүрөт".
Соңку учурда Ширшовдун аты Кыргызстандагы майнинг компанияларга байланыштуу дагы аталып жаткан. Бийлик өкүлдөрү бул дооматтарга азырынча комментарий бере элек.
Талдоочу, журналист Адил Турдукуловдун пикиринде, бул окуя Ширшовго байланыштуу күдүк сөздөрдү, божомолдорду дагы көбөйттү. Ошондой эле энергетика тармагында ачык-айкындуулукка, бул тармактагы коррупция тууралуу сөздөрдүн жанданышына негиз болду:
Адил Турдукулов
"Орус тарап маалымат бербесе бул бизге маалым эле болбой калат эле. Амангелдиевдин айтканы актануу сыяктуудай көрүнүп жатат да. Эгерде андай маалымат чыкпаса Ширшовдун катышканы билинбей эле калат эле. Ошондуктан ал бир гана бул долбоорго эмес, башка дагы бир долбоорлорго катышып жатканы анык эле нерсе окшойт. Эми эмне үчүн мындай болуп жатканын билбейм. Менимче, бул энергетика тармагында дагы деле коррупциянын белгиси болбосун деген ой кетет. Анткени Ширшов өзү энергетика тармагындагы коррупциянын символу болуп келген. "Ширшовдун схемасы" деген схема болгон. Азыр президент баштаган бийлик өкүлдөрү энергетика тармагында реформа керек, жарыкты үнөмдөш керек, альтернативалык башка бир булактарды издеп табышыбыз керек, эл мындан дагы көп акча төлөш керек деп айтып жатпайбы. Эгерде бул тармакта коррупция жоюлбаса мындай сөздөр көп алгылыктуу, өтүмдүү болбой калат. Ширшовдун бул тармакка аралашып жатканы коррупция азайбай жатканынан да кабар бериши мүмкүн. Азыр энергетика дагы деле жабык тармак бойдон калууда. Ал жакта эмне болуп жатканы, коррупцияны жоюу жолдору кандай болуп жатканы дале бүдөмөк. Бул тармакта ачыктык абдан маанилүү".
Дагы караңыз Токтогулда суу азайды. Кыргызстан кыштан кантип чыгат?Былтыр март айында президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков "ЭлКат" ишканасы Ширшовдун көрсөтмөсүнүн негизинде мамлекетке өткөнүн билдирген. Ал Фейсбуктагы баракчасына 2010-жылы Апрель окуяларынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт аны кайтарып алууга аракет жасабаганын жазган. Ошондой эле Ширшовдун дагы бир маалыматынын негизинде Курманбек Бакиевдин уулу Максимге таандык Франциядагы кымбат баалуу үйдү Кыргызстанга алууга байланыштуу иштер жүрүп жатканын маалымдаган.
Алексей Ширшовду мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин, андан кийин Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү болгонун айтып келишет. 2005-жылдагы Март ыңкылабында өлкөдөн чыгып кетип, кийин кайтып келип, жогорку кызматтарда ишин уланткан. 2010-жылы Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаганда ага издөө жарыяланган.
2022-жылы камалып, көп өтпөй эле бошоп кеткен. Бул коомчулукта сын-дооматка кабылганда президент Садыр Жапаров түшүндүрмө берген. Анда Ширшов менен беш-алты ай мурда жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. Ошондой эле 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогонун, издөөгө албаганын айткан.
Ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөп чыккан.
Алексей Ширшов убагында Кыргызстанда энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн деп айтылып келет.
“Жогорку Нарын ГЭС каскады” жабык акционердик коому 2012-жылдын октябрь айында Кыргызстандын жана Орусиянын өкмөт аралык келишимине ылайык негизделген. Орусия каражат бөлүп, Кыргызстанда “Жогорку Нарын ГЭС каскады” жана “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулмак. Ошол маалда Нарында курула турган ГЭСтердин баасы 727 миллион доллар деп бааланган. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын жүйө келтирип, бул келишимден бир тараптуу чыккан.
Кийин орус тарап долбоорго “РусГидро” компаниясынын 37,5 млн доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылып, утуп алган.
2023 Кыргыз өкмөтү "Жогорку Нарын ГЭС каскадын" куруу боюнча британиялык Minddock Limited DBA Enterprise Energy Investments компаниясы менен меморандумга кол койгон. Көп өтпөй эле бул документ жокко чыгарылганы белгилүү болгон. Энергетика министрлиги чет өлкөлүк ишкана меморандумдун шарттарын аткарбаганын билдирген. Анда компания курулуштун жол картасын, долбоорун сунуштабаганы айтылган.
Былтыр жыл аягында элдик курултайда Садыр Жапаров "Русгидро" менен соттук маселелер жөнгө салынмайынча ГЭСти куруу башталбасын айткан.