Мэр Жунушалиев "Айчүрөк" дүкөнүнүн жанындагы жашыл аймак калыбына келтирилерин айтты

Жашыл аймактын ордундагы курулушту бузуу. ЦУМ. Бишкек. 23-февраль, 2026-жыл.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулушту бузуу ишин ээлери өзүлөрүнө алганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, иш жүрүп жаткан учурда долбоордун жетекчилери кепилдик катын тапшырып, демонтаж иштерин өз күчү менен аяктоого даяр экенин билдиришкен. Эгер бузуу иши улантылбай токтоп калса, мэрия кайра өзү бузат.

"Мэрия бузса деле ага корогон акчаны компания төлөп бермек, ошондуктан, кепилдик жазып, өздөрү техниканы, бригадаларын алып келип, бузабыз дешти. Биз өткөрүп бердик. Дагы деле көзөмөл кылабыз. Эгер созуп же ишти башка нукта алып кете турган болсо, анда кайра өзүбүз кирип, жыйынтыгын чыгарабыз".

Айбек Жунушалиев бузуу иштери аяктаган соң, объектинин жанындагы фонтан жана жашыл аймак мурдагы калыбына толук келтирилерин билдирди. Мэр эгерде милдеттенмелер аткарылбаса, калыбына келтирүү иштерин муниципалитет жүргүзөрүн, андан кийин жер тилкесин шаарга кайтаруу маселеси карала турганын кошумчалады.

Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы эскизине окшобогон курулушту бузуу ишин 23-февралда эртең менен мэрия баштаган. Мэр Айбек Жунушалиев курулуш ээлерине өз алдынча бузуп алуусуна үч күн убакыт берилгенин, бирок эч кандай кадам ташталбагандыктан, мэрия буза баштаганын билдирген.


Жунушалиев 19-февралда соода борбордун жанындагы курулуш иштерин текшергенде жаңы курулуп жаткан объект бекитилген эскиздик долбоорго ылайык келбей жатканын белгилеп, ээсине үч күн ичинде демонтаж иштерин баштоону тапшырган. Old Bishkek долбоорунун алкагында салынып жаткан имараттын курулушу да убактылуу токтотулганын айткан. Ага имарат баштапкы проектте көрсөтүлгөндөй курулбай, өзгөрүп кеткени себеп болгонун билдирген.

Бишкек мэриясы 2025-жылы март айында Чүй проспектиси менен Дүйшөнкул Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалатор, заманбап лифт, жер астындагы өтмөк жана 220дан ашуун автоунаа токтотуучу жайды камтыган долбоордун курулушу башталганын маалымдаган. Долбоорго “Ташболот Холдинг” жана “Олд Бишкек” компаниялары акча саларын, курулуш эки жылга созулуп, жалпы бюджети 2 млрд сомду түзөрүн билдирген.

“Ташболот Холдинг” ишканасы Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарына тиешелүү. Мэрия жерди бул компанияга 49 жылга ижарага бергени белгилүү болгон. (ZKo)

Дагы караңыз

Ички иштер министри Ниязбековго "генерал-полковник", УКМК төрагасы Шабданбековго "генерал-лейтенант" наамы берилдиБишкектеги балдар үйүндө тарбияланган алты өспүрүмдүн дайыны табылбай жатат "Ксенофобияга кабылгандар көп". Орусиядагы мигранттар көйгөйү Кундузбек Сулайманов мандатын тапшырды. Жогорку Кеңеште дагы кандай өзгөрүү болот? Президент Жапаров Москвадагы сүйлөшүүлөргө Алексей Ширшовдун катышканына комментарий берди