Бишкектин Чүй проспектисиндеги Old Bishkek долбоорунун алкагында салынып жаткан имараттын курулушу убактылуу токтотулду.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев имарат баштапкы проектте көрсөтүлгөндөй курулбай өзгөртүлүп кеткенин айтып, талаптагыдай салынбаса буздуруларын айтты.
“Эгер долбоордо каралгандай болбосо биз бул имаратты да бузабыз. Биз чечим кабыл алып, жоопкерчиликти алганга да даярбыз”, - деди ал.
Долбоордо имарат бир кабат жана толкун сымал болуп салынмак. Ушул тапта эки кабат болуп курулууда. Мэр өзгөртүлгөн вариантында сырткы көрүнүшү жакшы болуп, коомчулукка жакса кабыл алынарын билдирди.
Бишкек мэриясы 2025-жылы март айында Чүй проспектиси менен Дүйшөнкул Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалатор, заманбап лифт, жер астындагы өтмөк жана 220дан ашуун автоунаа токтотуучу жайды камтыган долбоордун курулушу башталганын маалымдаган. Долбоорго “Ташболот Холдинг” жана “Олд Бишкек” компаниялары акча саларын, курулуш эки жылга созулуп, жалпы бюджети 2 млрд сомду түзөрүн билдирген.
“Ташболот Холдинг” ишканасы Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарына тиешелүү. Мэрия жерди бул компанияга 49 жылга ижарага бергени белгилүү болгон.
Былтыр декабрь айында Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев курулуш болуп жаткан жерге барган.
Ташиев Түлеевге жолго чыгып кеткен, планда каралбаган курулуштарды алуу тапшырмасын берген. Долбоордо эки эле кабат имарат курулушу керектигин белгилеп, үчүнчү кабатты алуу тапшырмасын берген. Көп өтпөй имараттын үстүңкү кабаты буздурулуп баштаган. (BTo)
Шерине