"Түндө атып салам деп коркуткан". Жардам сураган кыз-келин кайда барат?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Милициянын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда 27,5% же 4320 фактыга көп. Бул сандар - расмий кайрылгандар гана. Үн катпай, эшикке чыкпай отургандар канча - белгисиз. Мына ушундай жагдайда барарга жери жок кыз-келинге кол суна турган кризистик борборлор өздөрү кризиске кабылды.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыр тарткандар төмөндө көрсөтүлгөн кризистик борборлорго кайрыла алат:

“Аялзат” (Бишкек) - (312) 65 37 38

“Сезим” (Бишкек) - (312) 51 26 40; (501) 51 26 40

“Ак жүрөк” (Ош) - (550) 23 13 29; (779) 23 13 29

“Бактылуу эне” (Балыкчы) - (702) 74 89 28

“Ак-Ниет” (Чүй) - 0703 911 769; 0550 902 955