Женевада Кыргызстандын БУУ менен кызматташтыгы талкууланды

Жээнбек Кулубаев жана Антониу Гутерриш. Женева. 23-февраль, 2026-жыл.

23-февраль күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Жолугушуу Куралсыздануу боюнча конференциянын жогорку деңгээлдеги сегментине катышуу алкагында өткөнүн, анда кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болгонун мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

"Ошондой эле тараптар БУУнун тынчтыкты бекемдөөдөгү жана глобалдык чакырыктарга жооп берүүдөгү негизги ролун кубаттап, мындан ары конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экенин билдиришти. Өзгөчө көңүл "БУУ-80" демилгесине бурулду, ал уюмдун натыйжалуулугун жогорулатууга жана заманбап нукка салууга багытталган. Жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо жана аларды ишке ашыруу алкагында кызматташууга даярдык белгиленди", - деп билдирди Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Жолугушууда мындан тышкары кыргыз тараптын уюмдун Кыргызстандагы агенттиктери менен активдүү кызматташуусу да баса белгиленди.

Мындан тышкары, Кыргызстан 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөрүн айткан министр башкы катчыны аталган иш-чараларга катышууга чакырды.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 23-февралда БУУнун Женева шаарындагы кеңсесинде өтүп жаткан Куралсыздануу боюнча конференцияга катышып, анын жогорку деңгээлдеги сегментине сөз сүйлөдү. Кыргызстан бул конференцияга алгачкы жолу катышты.(ZKo)

Дагы караңыз

"Жүзүң күлүп, жүрөгүң ыйлап турат". Согушта жоголгон күйөөсүн издеген келиндерАКШ аскерлери Сириядагы базалардан чыгарыла баштадыЗеленский: Донбасс, Херсон жана Запорожье аймактарынан украин армиясы чыгарылбайтАКШда коммерциялык айдоочулук лицензия (CDL) үчүн экзамен эми англис тилинде гана болот"Түндө атып салам деп коркуткан". Жардам сураган кыз-келин кайда барат?