Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу 24-февралда президенттин администрациясы маалымдады.
Мунун алдында Төрөбаевдин тууганы менен сүйлөшкөнү жазылган аудио тараган. Ал аудиодогу сүйлөшкөндөр өзү менен бир тууган агасы Жолдошалынын уулу Эркин экенин ырастаган. Ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылып, Манас шаарындагы “Барселона” академиясынын жанында инисинин жер тилкесин арзаныраак сатууга көндүрүп берүүсүн суранганын айткан.
Тараган аудиодогу Төрөбаевдин тууганы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев менен азыркы саламаттык сактоо министри, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын мурдагы башчысы Каныбек Досмамбетовго ишканасын тарттырып жибергенин айтканын угууга болот.
Таймурас Ташиев да бул тууралуу “Регион” каналына түшүндүрмө берип, ал жерди тартып алган деген дооматты четке каккан.
Төрөбаев 2022-жылдын 30-мартынан бери Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматын аркалап келди. Ал Жогорку Кеңештин 4,5,6 жана 7-чакырылышынын депутаты. 2009-2010-жылдары өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеген.