Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кызматтан кетти. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 24-февралда жарыяланды.
Анын ордуна саламаттык сактоо министри болуп “Бикард” клиникасынын башкы дарыгери Дамир Осмонов дайындаларын “Азаттыктын” өкмөттөгү булактары билдирди.
Досмамбетовдун ысымы эки күндөн бери социалдык тармактарда талкууланып жаткан аудио жазууда айтылган. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Төрөбаев бир тууган агасы Жолдошалынын уулу Эркин менен сүйлөшкөн. Аудиодо Эркин Жолдошалиев Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев менен азыркы саламаттык сактоо министри, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын мурдагы башчысы Каныбек Досмамбетовго ишканасын тарттырып жибергенин айтканын угууга болот.
Аудиодогу айыптоо боюнча Досмамбетов үн ката элек.
Досмамбетов саламаттык сактоо министри болуп былтыр декабрда дайындалган. Ага чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин түзүмүндө иштеп келген.
Мунун алдында Бакыт Төрөбаевдин кызматтан алынганы расмий жарыяланган.