Кыргызстандыктарды чет өлкөгө ишке орноштурууга бир нече компанияга уруксат берилди

Кыргызстандык мигранттар. Белград. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштурууга жана жөнөтүүгө лицензия алган компаниялардын тизмеси жарыяланды. Тизмени Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги сайтына жарыялап, алардын уруксат кагазы кайсы өлкөдөгү ишканалар менен кызматташууга шарт түзөрүн да кошо маалымдады.

Маалыматка ылайык, 20-февраль күнү мекемелер аралык комиссиянын отуруму болгон. Анда Кыргызстандын жарандарына чет өлкөдө иштөөгө уруксат берүү, уруксаттын мөөнөтүн узартуу жана жокко чыгаруу маселелери талкууланган.

Отурумда кыргызстандык жарандарды Түркия, Германия, Болгария, Словакия жана Перс булуңунун өлкөлөрүндө иштөөгө уруксат берүү, узартуу жана жокко чыгаруу боюнча арыздар каралды. Жыйынтыгында комиссия 28 компания боюнча чечим чыгарып, алардын көпчүлүгүнө бир жылдык мөөнөткө рынокко чыгууга уруксат берилди.

Түркияга жумушчуларды жөнөтүүгө "Камелотт", "Флай Джоб" жана "Прайм Тревел" агенттиктерине уруксат берилди. Германияга жумушка жөнөтүү иштерин "Скилл Вэй Консалтинг" жана "Аслан Жобагентур 1" компаниялары жүргүзөт.

"Медиа Центр" жана "ИЛЦ" агенттиктери кошумча шарттар менен лицензия алышты, алар белгиленген мөөнөт ичинде бул талаптарды аткарууга милдеттүү.

Ал эми Словакияга жарандарды жөнөтүүчү "Азия КейЖи Консалт" жана "Консалтинговая компания Евразия" компанияларынын лицензиялары узартылды.

Ошондой эле "Ворк Тайм Консалтинг" компаниясынын Бириккен Араб Эмираттарына, Катарга жана Кувейтке жөнөтүү боюнча уруксат кагазы да узартылды.

Ал эми "Тугезе Рекрутмент" компаниясынын жарандарды Хорватияга жумушка жөнөтүү үчүн лицензия берүү өтүнүчү четке кагылды.

Комиссия белгилегендей, чечимдер кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана уруксат берүүдө мыйзамдарды сактоо максатында кабыл алынды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борбору 12-январь күнү "Голден ворк & тревел", "Айрис Тревел, "Рамай-Саякат" жана "Аска-Трэвел" деп аталган агенттиктердин уруксат кагазын убактылуу жокко чыгарган.

Былтыр кыргызстандыктарды иш менен камсыз кылган менчик агенттиктер 17 167 жаранды жумушка орноштурган. Алардын 6 597си аялдар.

2025-жылы сыртка миграцияга кеткендердин көбү Улуу Британия, Түркия, Германия, Болгарияны тандаган. Бул өлкөлөргө 17 миң мигранттын 60% кеткен. Борборго кайрылгандардын 1463ү гана Орусияны тандаган. (ZKo)

Дагы караңыз

Январда мамлекеттик карызды төлөөгө 85,3 млн доллар сарпталды"Путин өз максатына жеткен жок". Украинадагы согуш качан токтойт? "Күйөөмдү издейм". Согуштун азабын тарткан аялдарСаламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кызматтан алындыОктябрь окуяларынан бери алмашпаган министр. Улан Ниязбеков генерал-полковник болду БУУ Казакстанды чечен активисти Мансур Мовлаевди Орусияга өткөрбөөгө чакырды