Telegraph: Орусиянын чалгын кызматы Европадагы аскер базаларынын жанынан мүлк сатып алган

Кипрдеги Акротири аба базасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын чалгын кызматтары Батыш өлкөлөрүндөгү жайкы үйлөрдү, дачаларды, кампаларды, ташталган мектептерди, батирлерди жана ал тургай аралдарды байкоо, диверсия жана жашыруун чабуулдар үчүн колдонуу ниетинде сатып алып жатканын британиялык The Telegraph гезити үч европалык учурдагы жана мурдагы контрчалгындоо офицерлерине шилтеме кылып жазды.

Диверсия жана тыңчылык үчүн алынган кыймылсыз мүлк Улуу Британия, Швеция, Норвегия, Финляндия, Италия, Грекия, Франция жана Швейцарияда аныкталган.

Британ басылмасынын булактары кээ бир мүлк курал-жарак, жардыргыч заттарды жана дрондорду сактоо үчүн колдонуларын, аларды жашыруун агенттер көзөмөлдөрүн айтып беришкен.

Атап айтканда, орус бийлиги Улуу Британияда Шотландиянын батышындагы Трайдент суу астында жүрүүчү базасынан алыс эмес жердеги же Шетланд аралдарындагы суу астында жүрүүчү кабелдер чыгуучу жер көрүнүп турган мүлктөрдү сатып алган болушу мүмкүн. Ал эми Кипрде алар британиялык Акротири аба базасынын айланасындагы үйлөрдү сатып алган болушу мүмкүн. Норвегияда Кремлге байланышы бар адамдар Арктикадагы аскердик объектилердин жанындагы үйлөргө ээ болушкан.

Швецияда 2023-жылы стратегиялык маанилүү аэропорттун жанына православ чиркөөсү курулган, кийинчерээк чиркөөнү швед чалгын кызматы тыңчылык үчүн аянтча деп сыпаттаган, чиркөөнү башкарган поп Орусиянын жарандык (тышкы) чалгын кызматынын медалын алган.

Швейцарияда, чалгын агенттеринин сөзүнө караганда, орусиялык атайын кызматтар Солсберидеги уулануу фактысын иликтеген Федералдык химиялык коргоо институтунун жанындагы мүлктү пайдаланышкан.

Мындай стратегияны Кытай, мурунку убакта Советтер Союзунун чалгын кызматтары колдонуп келишкен.

Хельсинкиде чалгын кызматтары тыңчылык жүргүзүү, компромат табуу жана курал-жарак кампасы үчүн көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерге ээлик кылганын "Настоящее Время" долбоору жазды.

Финляндияда өлкөнүн деңиз командачылыгы жайгашкан Архипелаг деңизинде (Балтика деңизинин Ботния булуңу менен Финляндия булуңунун ортосундагы бөлүгү) 17 мүлктү сатып алган Airiston Helmi компаниясынын жетекчилигине каршы кылмыш иши козголду. 2025-жылы компаниянын ээси Павел Мельников алдамчылык үчүн шарттуу түрдө эркиндигинен ажыратылган.

Дагы караңыз

Бишкектин четиндеги мөмө бак сакталып калды"Үч баласы бар, апасы ооруп жатат". Гезит дизайнери пикир үчүн алты жылга соттолдуОш: Башаламан соодага жол бербөө талабы коюлдуМектеп окуучуларынын жазгы эс алуусу беш күнгө узартылдыКазакстанда Жогорку сот чечен активисти Мовлаевди депортациялоону убактылуу токтотту