Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:15

Ош: Башаламан соодага жол бербөө талабы коюлду

Оштун мэри Жанарбек Акаев таңкы рейд учурунда. Ош. 25-февраль, 2026-жыл.
Оштун мэри Жанарбек Акаев таңкы рейд учурунда. Ош. 25-февраль, 2026-жыл.

Бүгүн, 25-февраль күнү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен чогуу шаардагы башаламан соода жүргүзүлүп келген жерлерди кыдырды.

Жанарбек Акаев рейд учурунда. Ош. 25-февраль, 2026-жыл.
Жанарбек Акаев рейд учурунда. Ош. 25-февраль, 2026-жыл.

Рейд учурунда мэр тиешелүү жетекчилерге Тилеке-Баатыр жана Кара-Суу көчөлөрүндөгү башаламан соода жайларын толук тазалоо жана мындай көрүнүштөргө жол бербөө боюнча тапшырма берди.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган аймакта тартипти камсыз кылуу максатында көзөмөл күчөтүлүп, мыйзамсыз соода жүргүзгөн жарандарга карата тиешелүү чара көрүлөрү белгиленди.

Ош. 25-февраль, 2026-жыл.
Ош. 25-февраль, 2026-жыл.

Ош шаарындагы башаламан сооданы токтотуу, санитардык абалы талапка жооп бербеген, мыйзамсыз иштеген коомдук тамактануучу, техникалык кароо жайларын жабуу талабын шаардын мурунку башчысы Жеңишбек Токторбаев да коюп, ишке аша баштаган.

Шаардын борбордук аймагындагы базарларды сыртка чыгаруу, жолдорду оңдоп, кеңейтүү иштери жүргүзүлгөн.

Токторбаев кызматынан 18-февралда алынып, анын ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев дайындалган.

Шаар мэри алмашкандан кийин мурда тыюу салынып, жабылган айрым устаканалар кайра ачылып, иштеп жатышканы, көчүрүлгөн базардын ордунда кайрадан соода жүргүзүлө баштаганы тууралуу сүрөт, видеолор соцтармактарга жарыяланып, нааразылык айтылган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG