Агартуу министрлиги Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын жазгы каникулун дагы төрт күнгө узартты. Бул тууралуу министрликтин Фейсбуктагы баракчасына жазылды.
Ага ылайык, окуучулардын жазгы эс алуусу 2-марттан 6-мартка чейин созулуп, беш күн болот. 9-марттан тартып 4-чейрек башталат.
Министрлик 3-чейректин төрт күнү 4-чейректин аягына кошулганын, быйылкы окуу жылы адаттагыдай 25-майда эмес, 29-майда аяктай турганын эскертти.
"Акыркы коңгуроо" 29-майда болот.
Буга чейин Агартуу министрлиги окуучулардын жазгы эс алуусу 5-мартта бир күн болорун, окуучулар 9-марттан мектепке кайтарын билдирген. Бул жаңыланган Эмгек кодексине жана окуу жылындагы окуу күндөрүнүн эсебине байланыштуу чечилгени маалымдалган.
Коомчулук жана ата-энелер бир күндүк эс алуудан балдардын чарчоосу жазылбасын белгилеп, нааразылыгын билдиришкен.
Мурдагы жылдары окуу жылынын 3-чейреги жаңы жылдык каникулдан соң Нооруз майрамына (21-март) чейин созулчу. Жазгы эс алуу 22-марттан 31-мартка чейин болуп, окуучулар мектепке 1-апрелде кайтышчу.
Кыргызстанда 2397 мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 млн 480 миңден ашуун бала окуйт.
Президент Садыр Жапаров былтыр январь айында жаңы Эмгек кодексине кол койгон жана анда майрам күндөрүнүн саны кыскарган.
Ага ылайык Кыргызстанда Жаңы жылдык каникул 1-6-январь күндөрү болот. Ошондой эле май айында да 1-8-май күндөрү эс алуу деп жарыяланган. (ZKo)
Шерине