Орусия согушка студенттерди да тарта баштаганы тууралуу маалымат жарыяланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда студенттерди Украинага согушка жиберүү үчүн квота киргизилген окуя катталганын Сибирь.Реалии маалымдады. Мындай квота Владивостоктогу Ыраакы Чыгыш федералдык университетинде киргизилгенин, окуу жайдын администрациясы ушундай чечим чыгарганын ректордун мурдагы кеңешчиси Марина Баринова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Баринова 32 студент февраль айында Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө милдеттендирилген, дагы 267 студент аскерге жарактуулардын тизмесинде турган таблицаны жарыялады. Ал квотаны окуу жайдын ректору менен 13 проректор кубаттаганын кошумчалады.

"Эгер силер, 1+13, мындай "келечекке" ушунчалык ынтызар болсоңор, анда эмне үчүн алиге чейин согушта эмессиңер? Кантсе да, тогузуңар "даярдык категориясына" толугу менен жооп бересиңер — мен бактысыз окуу жай ректорунун өзү жана анын эркек проректорлору жөнүндө айтып жатам", - деп белгиледи Баринова.

Университет квота жөнүндөгү маалыматка комментарий берген жок.

23-февралда университеттин ВКонтакте баракчасында Ата Мекенди коргоочулар күнүн куттуктагандан тышкары келишимдик кызматты да жарнамалаган пост жарыяланган.

Бир нече күн мурун университеттин өзүндө "консультациялык борбор" ачылган.

Укук коргоочулардын жана ЖМКлардын билдирүүлөрүнө ылайык, бул Орусияда университеттер Коргоо министрлиги менен келишим түзүү үчүн студенттерди тарткан биринчи окуя эмес. T-Invariant басылмасы студенттерди тартууну "мобилизациянын жаңы толкуну" деп атаган.

6-февраль күнү укук коргоочу Артем Клыга Плеханов атындагы жогорку мектептин окуу жайларынын биринин старосталарына ай сайын экиден студентти аскердик дрондор системасына азгыруу тапшырылганын жазган. Бул мектептин башка окуу жайларында мындай тапшырма берилбегенин "Гроза" долбоору тактады.

Басылма ошол эле учурда 34 жогорку окуу жайы менен 7 коллежде студенттерди аскердик кызматка үгүттөө башталганын эсептеген. Аскер кызматын жарнамалоо Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университети, Орусия транспорт университети, Тамак-аш технологиясы жана дизайны институтунда жана башка окуу жайларда жүрүп жатканын T-Invariant жана Idi lesom басылмалары байкаган. Сочи мамлекеттик университети дагы студенттерге келишим түзгөндүгү үчүн 100 000 рубль сунуштап жатат.

18-февралда Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин студенттерине ушул сыяктуу 50 000 рубль өлчөмүндөгү "бир жолку стипендия" сунушталган.

Дагы караңыз

"Баткендеги болгон мүлкүмдү алып койгон". Адилеттик издеген ишкерлерКим Чен Ындын 13 жаштагы кызы ракеталык башкармалыкты жетектейтКыргызстан БУУда Украина боюнча резолюцияга "калыс" добуш берди Трамп "Американын алтын доору" тууралуу айтты“Онлайн казинодо үч жылдай жашадым”. Кумар оюндарына азгырылган жаштар