Жапаров "бир досу кетсе, артында 7 миллион досу турарын", элдин тынчтыгын бузгандар аёосуз жазаланарын айтты

Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев. Архив сүрөт.

Президент Садыр Жапаров досу – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алышын жана ортосунда “ажырым пайда болгонун” трагедия кылыштын кереги жок деп эсептейт. Бул тууралуу ал 26-февралда “Кабар” маалымат агенттигине курган кыска маегинде айтты.

Анда басылманын директору Медербек Шерметалиев коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев маектеринин биринде Жапаров менен Ташиевдин ортосунда ажырым болгонуна тынчсызданганын белгилеп, бул боюнча президенттин пикирин сураган.

“Бул маселени трагедия кылыштын кереги жок. Мурдагыдан дагы жакшы болот. Жашоо токтоп калбайт. Бир досум кетсе, артымда 7 миллиондон ашуун досум бар. Мага баарынан жалпы элибиз жана куттуу мамлекетибиз кымбат. Кимде-ким элдин тынчтыгын бузса, аёосуз жазасын алат. Ага акылыбыз да, күчүбүз да жетет. Экономикабыздын өсүү темпи жогорулап кете берет”, - деген Жапаров.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун аны кызматтан алуу чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. 13-февралда ал Бишкекке кайтып келип, 17-февралда чет жакка чыгып кетти. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган жок.

Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Камчыбек Ташиевди кабыл алганын, УКМКнын мурдагы төрагасы мамлекеттик кызматка барбай турганын айткан.

Ташиевдин кызматтан кетишинен кийин Нурланбек Тургунбек уулу парламент төрагалыгынан кетип, ордуна Марлен Маматалиев шайланган. Бир аптадан кийин Тургунбек уулу жана Ташиевге жакын делген дагы эки депутат мандатын тапшырды.

Дагы караңыз

Бишкек шаардык соту ишкер Имамидин Ташовдун арызын райондук сотко кайтардыКыргызстанда турак жайлардын 27,5% камсыздандырылганАвтоунааны "Унаа" аркылуу каттоо токтойтОрусия согушка студенттерди да тарта баштаганы тууралуу маалымат жарыяланды