Чыңгыз Ажибаев биринчи вице-спикерлик кызматтан кетти

Чыңгыз Ажибаев.

Депутат Чыңгыз Ажибаев парламенттин биринчи вице-спикери кызматынан өз каалоосу менен кетти. Бул тууралуу төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында билдирди.

“Ал киши менен биз 7-чакырылышта да чогуу иштедик. Төрт жыл ишмердүүлүгүн өтө жакшы алып барды. Кийин 10-12 күн чогуу кызматташтык. Бул убакытта өз ишмердүүлүгүн профессионал катары жакшы көрсөттү”, - деди төрага.

Депутат Бекмырза Эргешов да Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамынан өз каалоосу менен кеткени белгилүү болду.

Ушул эле эле жыйында депутат Исманали Жороев Ажибаев боюнча маалыматтарды укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүшү керектигин айтып чыкты. Ал коомчулукта Ажибаевдин атасынын кылмыштуу дүйнөгө тиешеси бар экени боюнча маалыматтар тарап жатканын белгиледи.

Депутаттын айыптоосу боюнча Чыңгыз Ажибаев комментарий бере элек.

Чыңгыз Ажибаев былтыр парламенттик шайлоодо №1 округдан утуп келип, 17-декабрда парламент төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланган. Ал 2021-жылы №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп келген.

Анын атасы Ильяскожо Ажибаевдин кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланып, коомчулуктун талкуусуна түшкөн. УКМК кылмыштуу топтон баш тарттыруу иштери жүргөнүн кабарлап, алардын катарында Ажибаев да болгон.

Чыңгыз Ажибаев жакындарынын криминал менен байланышы тууралуу маалыматтарды четке каккан.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырды. Акыркы саясий окуялардын фонунда Кундузбек Сулайманов жана Элдар Сулайманов да өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды. Мындан тышкары Жогорку Кеңеште комитеттердин, депутаттык топтордун төрагалары алмашып жатат.

Дагы караңыз

Депутат Мамытов “75чилердин кайрылуусу” ЖКга киргизилип, каралбай калганын айттыБашкы прокуратура өлкөдө 1200 киши алимент төлөбөй жүргөнүн билдирдиДепутат Сурабалдиева мыйзамсыздыкка кабылганын айтып кайрылгандар көбөйгөнүн билдирдиЖапаров "бир досу кетсе, артында 7 миллион досу турарын", элдин тынчтыгын бузгандар аёосуз жазаланарын айтты