Макрон Жакынкы Чыгыштагы соңку эскалацияны "бардыгы үчүн кооптуу" деп сыпаттады

Франциянын президенти Эммануэл Макрон

Франциянын президенти Эммануэл Макрон “Кошмо Штаттар, Израил жана Иран ортосундагы согуш глобалдык тынчтыкка жана коопсуздукка олуттуу кесепет алып келерин” эскертти.

Бул эскалацияны “бардыгы үчүн кооптуу” деп сыпаттаган президент Иран режими “ядролук жана баллистикалык программалары, аймакты дестабилизация кылган аракеттери айланасындагы сүйлөшүүлөргө чың ыкластан катышуудан башка аргасы жок экенин түшүнүүгө тийиш” деп белгиледи.

Макрон Х платформасына жазган постунда “Ирандын эли өз келечегин эркин куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек” деп, европалык жана регионалдык өнөктөштөр менен кеңешип, БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнүн үстүнөн иштеп жатканын кошумчалады.

Француз лидери өлкө аймагынын, жарандарынын коопсуздугун жана Жакынкы Чыгыштагы кызыкчылыктардын коопсуздугун камсыздоо үчүн колдо бар аракет көрүлөрүн белгиледи.

Дагы караңыз

Израил-америка соккусунан Иранда беш окуучу кыз мерт болгону кабарландыИран Перс булуңундагы АКШнын аскер базаларына сокку урду АКШ жана Израил Иранга каршы сокку урушту, Тегеран жооп кайтарууда