Иран Перс булуңундагы АКШнын аскер базаларына сокку урду. Бул тууралуу Fars маалымат агенттиги Ислам революциясынын Сакчылар корпусуна шилтеме кылып жазды.
“Иран Катардагы Ал-Удейд, Кувейттеги Али ал-Салем, Бириккен Араб Эмирликтериндеги Ал-Дафра, ошондой эле Бахрейндеги АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн бешинчи флотунун базасына сокку урду”,-деп жазылган маалыматта.
Reuters агенттиги Катардын борбору Доха шаарында жана Ал-Удейд аскердик базасында көптөгөн жардыруулар болгонун жазды. Өлкөнүн Коргоо министрлиги ирандык ракеталар жок кылынганын билдирди.
Ошондой эле Эр-Рияд (Сауд Арабиясы) менен Абу-Дабиде (Бириккен Араб Эмирликтери) жарылуулар болуп жатканы тууралуу маалыматтар чыкты.
Ирандын Коргоо министрлиги, өз кезегинде, “аймактагы бардык америкалык базалар бутага алынарын” билдирди.
Шерине