Иранда мамлекеттик ЖМК Жогорку руханий лидер аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн ырастады

Али Хаманеи.

Иранда жекшемби күнү таңга маал мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) өлкөнүн Жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн жазып чыгышты.

Мунун алдында, 28-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social соцтармагы аркылуу Хаменеи америка-израил биргелешкен операциясы маалында жок кылынганын маалымдаган. Ошондой эле муну “адилеттиктик” катары сыпаттаган.

"Дүйнөдөгү эң карөзгөй адамдардын бири мерт болду. Бул Ирандын эли үчүн гана эмес, Хаменеи жана анын канкор корбашылары өлтүргөн, майып кылган мыкты америкалыктар, дагы далай өлкөлөрдүн жарандары үчүн адилеттик", - деп жазган Трамп.

28-февралдын кечинде бир катар эл аралык маалымат каражаттары, анын ичинде Reuters Израилдин жетекчилигиндеги булактарына таянып, Али Хаменеи ушул эле күнү жасалган аба чабуулдардан жан таслим болгонун билдиришкен.

Ишембиде Али Хаменеинин жардамчысы Али Ларижани Х соцтармагындагы баракчасына өч алуу болорун билдирген жана бул аятолла жан таслим болгону кыйыр түрдө аныкталганы катары кабыл алынган.

“Биз сионисттик кылмышкерлерди жана уятсыз америкалыктарды кылган кылыгы үчүн өкүндүрөбүз. Ирандын эр жүрөк жоокерлери жана улуу эли эл аралык зордукчуларга эстен кеткис сабак берет”, - деп жазган Ларижани.

Али Хаменеи 1989-жылы Ислам Республикасынын негиздөөчүсү, аятолла Рухолла Хомейни каза болгондон кийин жогорку лидерликке келип, ошондон бери Иранда дээрлик чексиз бийликке ээ болуп келген.

Израил менен АКШ биргелешкен аба соккуларын 28-февралда Иранга жасаган. Тегеран жооп кайтарып, АКШнын аскердик техника, кеме-учактары жайгашкан Бириккен Араб Эмирликтерин, Катар, Кувейт, Израил жана башка мамлекеттерди бутага алган.

Дагы караңыз

ТИМ АКШда кармалган кыргыз жаранынын иши көзөмөлдө экенин билдирди БУУнун баяндамачысы АКШ менен Израилдин соккуларын сындадыИран Перс булуңундагы АКШнын аскер базаларына сокку урду Израил Ирандан озунуп бул өлкөгө сокку урганын билдирди Кара-Суу жана Тогуз-Торо райондорунун акимдери иштен кетти Билл Клинтон Эпштейн иши тууралуу конгрессмендердин суроолоруна жооп бердиБишкекте коомдук жайда жарамазан айткан балдарга карата рейддер уюштурулатОккупацияланган аймактардан украиналык балдардын дагы бир тобу кайтарылды