Иран Израилге, АКШнын базаларына каршы “эң кубаттуу операция” башталарын билдирди

Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу жакынкы убакта Израилге жана аймактагы АКШнын аскердик базаларына каршы “эң кубаттуу операция” башталарын билдирди. Бул тууралуу Fars маалымат агенттиги кабарлады.

Мунун алдында ирандык мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары ишемби күнкү израил-америка операциясы маалында өлкөнүн Жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн бышыкташкан.

Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандагы күч түзүмдөрүн курал-жарактарын таштап, багынып берүүгө ирандык патриоттор менен бирге өлкөнү калыбына келтирүүгө чакырды. Ал бул тууралуу Али Хаменеинин өлтүрүлгөнү расмий ырасталганы тууралуу комментарий берип жатып билдирди жана муну “иран элинин жападан-жалгыз мүмкүнчүлүгү” катары сыпаттады.

Трамп 28-февралда өзүнүн Truth Social соцтармагы аркылуу Хаменеи америка-израил биргелешкен операциясы маалында жок кылынганын маалымдаган.

Ишембиде кечинде бир катар эл аралык маалымат каражаттары, анын ичинде Reuters Израилдин жетекчилигиндеги булактарына таянып, Али Хаменеи ушул эле күнү жасалган аба чабуулдардан жан таслим болгонун жазып чыгышкан.

Израил менен АКШ биргелешкен аба соккуларын 28-февралда Иранга жасаган. Тегеран жооп кайтарып, АКШнын аскердик техника, кеме-учактары жайгашкан Бириккен Араб Эмирликтерин, Катар, Кувейт, Израил жана башка мамлекеттерди бутага алган.

Дагы караңыз

Иранда мамлекеттик ЖМК Жогорку руханий лидер аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн ырастадыТИМ АКШда кармалган кыргыз жаранынын иши көзөмөлдө экенин билдирди Ирандын түштүгүндө кыздар мектебинде кеминде 40 киши каза тапканы кабарлануудаБУУнун баяндамачысы АКШ менен Израилдин соккуларын сындадыИран Перс булуңундагы АКШнын аскер базаларына сокку урду Кара-Суу жана Тогуз-Торо райондорунун акимдери иштен кетти Билл Клинтон Эпштейн иши тууралуу конгрессмендердин суроолоруна жооп бердиБишкекте коомдук жайда жарамазан айткан балдарга карата рейддер уюштурулат