Муфтият кыргызстандыктарды кичи ажыга барбай турууга чакырды

Мекке. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) Жакынкы Чыгышта абал курчуганына байланыштуу авиакаттамдар үзгүлтүккө учурап, форс-мажордук абал жаралып жатканы боюнча кайрылуу таратты.

Анда муфтият ушул тапта Мекке, Медина шаарларында кичи ажылыгын өтөп жүргөн кыргызстандыктарды кырдаалды түшүнүү жана сабырдуулук менен кабыл алууга чакырды. Ошондой эле аларды фирмалардын жана умра башчылардын көрсөтмөлөрүнө баш ийип, абалдын жөнгө салынышына жана рейстердин калыбына келишине чейин дүрбөлөңгө түшпөстөн, сабырдуулук менен күтүүгө үндөдү.

Дин башкармалыгы мындан тышкары умра сапарына даярданып жаткан кыргызстандыктарды абалга байкоо салып, Перс булуңундагы кырдаал жөнгө салынганча кичи ажылыкка баруудан карманып туруусун өтүндү.

Ошондой эле учурда мамлекет атайын мекеме аралык штаб түзүп, кичи ажылыкка кетип, келе албай жаткан кыргызстандыктарды кайтаруу аракеттери көрүлүп жатканы кабарлады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин 2-марттагы брифингде билдирген.

Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирликтеринде. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.

Сауд Арабиясындагы 5 миң киши умра зыяратына баргандар жана миң киши ал жакта туруктуу жашайт.

Катарга круиздик саякат менен барган 67 кишинин калуу мөөнөтү 7-мартка чейин узартылган.

ТИМ Бириккен Араб Эмирликтеринде жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүп, соңку окуялар боюнча жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүлөрүнө жана такталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырган.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан чабуул койду.

Бириккен Араб Эмирликтери(БАЭ) эки күн ичинде ирандык 167 ракета асманда жок кылынганын, 35 дрон турак жайларга тийип, үч чет элдик жаран каза тапканын маалымдады. 58 киши ар түркүн жараат алышкан.(ZKo)

Дагы караңыз

ТИМ Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам байланыш телефондорун жарыяладыЖакынкы Чыгыш: АКШнын Эр-Рияддагы элчилиги дрон чабуулуна кабылдыТүркияда мыйзамсыз мигранттардын саны жагынан Өзбекстан үчүнчү орунда экени айтылдыМахабат Тажибек кызынын бүгүнкүгө белгиленген соту да болгон жокКарызы барларды өлкөдөн чыгарбоо тартиби тууралуу маалымат берилди