4-марттын аба ырайы: жаан, кар жаайт

3-5-март күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо, ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

4-мартта түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндуз 11…16

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6 градус жылуу болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 8…10° болот.

Дагы караңыз

АКШнын Куралдуу күчтөрү Ирандын 11 кемеси жок кылынганын билдирдиИзраил Тегеран менен Бейрутка сокку урганын билдирдиМуфтият кыргызстандыктарды кичи ажыга барбай турууга чакырдыТИМ Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам байланыш телефондорун жарыяладыЖакынкы Чыгыш: АКШнын Эр-Рияддагы элчилиги дрон чабуулуна кабылдыМахабат Тажибек кызынын бүгүнкүгө белгиленген соту да болгон жок