БШК депутат Эргешовдун соттуулугун тактоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылды

Бекмурза Эргешов

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешовдун соттуулугуна байланыштуу маалыматтарды тактоо үчүн укук коргоо органдарына өтүнүч жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов 3-мартта билдирди.

“Соттуулугу бар деген маалыматтарды социалдык тармактардан билип жатабыз. Ошого жараша тиешелүү органдарга өтүнүчтөр кеткен. Жообун күтүп жатабыз”, - деди Бекматов.

Укук коргоо органдары Эргешовдун буга чейин соттуулугу болгонун аныктаса, анын депутаттык ишмердигин мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси БШКда караларын тактады.

Шайлоо алдында Ички иштер министрлиги Эргешовдун Кыргызстандын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганы тууралуу маалымкат берип, БШК ошонун негизинде талапкер кылып каттаган.

Эргешов былтыр 30-ноябрда №6 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 18-февралда ушул округдан талапкер болгон Алтынбек Токтосунов өлкө бийлигине кайрылып, Эргешовдун буга чейин соттолгону тууралуу маалыматтар бар экенин айтып чыккан.

Ал кайрылууда Эргешов 1998-жылы Ош шаардык соту тарабынан “ири салмактагы баңгизатын сатуу, ташуу боюнча” күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылганын жазган.

Бекмурза Эргешовдун кеңешчиси депутат бул боюнча комментарий берүүдөн карманарын “Азаттыкка” билдирди.

Эргешов 2012-2021-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, бюджеттик комитетти жетектеген. 2020-жылдын 17-декабрынан бери Ош шаардык “Жылуулук менен камсыздоо” муниципалдык ишканасынын директору кызматын аркалган. 2024-жылы Ош округунан Жогорку Кеңешке шайланган.

Дагы караңыз

Кызыл Ай коому: Иранда төрт күндө 787 адам каза тапты Айбек Токтоболотов Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп дайындалдыЭки кыргыз жараны Ирандан Азербайжанга чыгарылдыОш шаарында үч эм төрөлдү