Орусия менен Украина туткундарды айырбаштады

Орусиянын туткунунан бошотулган украиналык аскерлер.

Орусия президентинин жардамчысы Владимир Мединский Москва менен Киевдин ортосунда аскер туткундарын «500х500» формуласы боюнча алмашуу башталганын билдирди.

Анын айтымында, бул жараян Женева шаарында жетишилген келишимдердин негизинде 5–6-март күндөрү өткөрүлөт.

«Женевадагы макулдашуулардын алкагында 5–6-мартта Украина менен аскер туткундарын алмашуу болот. 500гө 500», — деп жазды Мединский өзүнүн телеграм-каналында.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, 5-мартта Орусияга 200 орусиялык аскер кайтарылган. Ал эми 6-мартта «300гө 300» формуласы боюнча дагы бир алмашуу пландалган.

Өз кезегинде Владимир Зеленский 200 украиналык аскер туткуну Украинага кайтарылганын билдирди.

«Биздин жоокерлер үйүнө кайтып келгени Украина ар бир адамды кайтарып келүү үчүн иштеп жатканын далилдейт. Биз эч кимди унутпайбыз. Ортомчуларды тартуудабыз. Украинага жардам берип жаткандардын баарына ыраазымын. Бул алмашууну ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн Кошмо Штаттарга ыраазычылык билдирем. Ошондой эле фронтто күрөшүп, Украина үчүн алмашуу фондун толуктап жаткан жоокерлерибизге ыраазычылык билдирем. Биздин адамдардын үйүнө кайтышы - украин коргоочуларынын күчүнүн жыйынтыгы», — деп жазды Зеленский.

Акыркы жолу туткундарды алмашуу 5-февралда «157ге 157» формуласы боюнча өткөн.

Дагы караңыз

Ошто эки милиция кызматкери коррупцияга шектелип кармалдыАлиев Азербайжанга дрон чабуулун "террордук аракетке" теңедиКая Каллас: Иран согушту башка өлкөлөргө жайылтууга аракеттенип жатат