Дональд Трамп Ирандын жаңы лидерин шайлоого өзү катышууну кааларын билдирди

Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын жаңы лидерин шайлоого катышууну каалай турганын Axios басылмасына билдирди.

Трамп аятолла Али Хаменеинин ордуна анын уулу Можтаба Хаменеинин келишин кабыл алынгыс деп эсептей турганын кыйытты.

"Хаменеинин уулу мен үчүн кабыл алынгыс. Бизге Иранга ынтымак жана тынчтык алып келе турган адам керек", - деди Трамп.

Америка президенти Али Хаменеинин саясатын улантуучу лидерди дайындалышын каалабасын кошумчалады. "Мен Венесуэладагы Делси [Родригес] сыяктуу эле, дайындоого катышуум керек", - деди Трамп.

Axios басылмасы АКШнын коргоо министри Пит Хегсет жана башка расмийлер Иранга каршы операциянын максатын "бийликти алмаштыруу" эмес, Ирандын өзөктүк программасын, аскер-деңиз күчтөрүн жана ракета мүмкүнчүлүгүн алсыратуу болгонун айтышканын белгиледи.

Бир күн мурда The New York Times гезити Эксперттер кеңешинин жыйынынан кийин Можтаба Хаменеи Ирандын Жогорку лидеринин кызматына негизги талапкер болуп жатканын билдирди.

Дин кызматкерлери анын дайындалышын 4-мартта жарыялоону карашкан, бирок кеңештин айрым мүчөлөрү бул аны АКШ менен Израилдин бутасына айландырышы мүмкүн деген кооптонууларын билдиришкен.

56 жаштагы Можтаба Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин Иранга каршы соккуларында каза болгон атасынын аркасында иштеген таасирдүү фигура.

Хаменеинин өлүмүнөн кийин Ирандын Жогорку лидеринин милдетин аткаруучу болуп теолог Алиреза Арафи дайындалган.

Ал Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Хомейнинин небереси Хасан Хомейни менен бирге Жогорку лидердин кызматына талапкер болушу мүмкүн.

Дагы караңыз

Жапаров айдоочулардан жеринде эреже суроого эртелик кыларын айтты Президент Садыр Жапаров Ажиев тууралуу айтылган сындарга жооп бердиКыргызстан Нахчыванда ирандык дрондун кулашына байланыштуу бушаймандык билдирди Иран-Израил соккуларды улантууда. Азербайжан ирандык дрон чабуулун айыптады Орусия менен Украина туткундарды айырбаштады