8-мартта Бишкекте жүрүш өткөрүү өтүнүчү президент Жапаровго жолдонду

8-марттагы акция. (архив)

8-март күнү Бишкекте аялдарга зомбулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулук маселесине жана аялдардын коопсуздугу менен укуктарын коргоого буруу максатында тынч коомдук жүрүш өткөрүүгө уруксат берүүсүн өтүнүп, уюштуруучулар президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Социалдык тармак аркылуу жолдонгон кайрылууда уюштуруучулар акциянын максаты – коомчулуктун көңүлүн аялдарга карата зомбулуктун, фемициддин алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулук маселелерине жана аялдардын коопсуздугу менен укуктарын коргоого буруу экенин белгилешкен. Ошондой эле иш-чара тынч, мыйзамдуу жана коомчулуктун аң-сезимин жогорулатууга багытталган форматта өткөрүлөрүн билдиришкен.

Уюштуруучулар Уркуя Салиеванын айкелинен Горький сейил багына чейин тынч жүрүш кылууну көздөшүүдө.

8-мартта Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарында жөө жүрүш өткөрүүгө уруксат берүү маселесин буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева көтөргөн. Ал калаа бийлигине жана укук коргоо органдарына кайрылып, кыз-келиндерге тилектештик билдирген иш-чара маанилүү экенин белгилеген.

Былтыр Бишекте 8-март күнүнө арналган өнөктүк “Жаша аялзаты, жаша” деген ураандын алдында уюштурулуп, жүрүш эски аянттан Максим Горький аянтына чейин жүргөн.

Жүрүшкө 300дүн тегерегинде киши катышып, жаштар колуна аялдардын эркиндигин, билим алып, өзү каалагандай татыктуу жашоосун, аларды зордук-зомбулуктан коргоону, коопсуз жашоону камсыз кылууну талап кылган жазууларды кармап чыгышкан.

Кыргызстанда жыл башынан бери бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан көз жумду. Бишкектеги балдар дарыгери, 28 жаштагы Айгүл Зибированын сөөгү батирлердин биринде 2-январга караган түнү табылган. Жакындары ошол учурда анын жанында чогуу иштеген мурунку жигити болгонун билдиришкен. 3-январда Сузакта да 28 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза болгон. Марттын башында Ноокатта 21 жаштагы келин асынып алган абалында табылган. Маркум келин ошол күнү апасына Вотсаптан "күйөөсү дагы уруп жатканын" жазганга үлгүргөн.

Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун глобалдык индекси (WPS) боюнча, Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. Бул рейтингде 2023-жылы Кыргызстан 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Ал эми 2021-жылы талдоого алынган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунга түшкөн.

Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп.

Кыргызстанда соңку бир нече жылдан бери жарандык акция, митинг өткөрүү шарттары чектелген.(ZKo)

Дагы караңыз

Манаста сот алимент төлөбөй жүргөн жаранды эки жылга кестиТрамп Ирандын армиясын багынып берүүгө чакырдыОмандан дагы 85 кыргызстандык алып келинди Үч жашка чейинки бардык балдарга мамлекеттик жөлөкпул берилет Президент Садыр Жапаров Ажиев тууралуу айтылган сындарга жооп берди