УКМК Жалал-Абадда "жалган маалымат тараткан" жаран кармалганын билдирди

УКМКнын башкы имараты. Бишкек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жалал-Абад облусундагы "аэропорттун курулушу токтотулганы тууралуу жалган маалыматты соцтармактарга тараткан" жаран аныкталып, кармалганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, Сузак районунун 32 жаштагы тургуну М.у.Ш. ал видеону тартып алып, таратканын профилактикалык сүйлөшүү учурунда мойнуна алган.

"Кылганына өкүнүчүн билдирип, аны эч кандай жаман ниет менен таратпаганын түшүндүрдү. Жаран менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Коопсуздук кызматы коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруучу туура эмес маалыматтарды тараткандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертти.(ZKo)

Дагы караңыз

Франция АКШга Истрес авиабазасын колдонууга уруксат берди"Суу менен кошо баары кымбаттайт". Депутаттын элди дүрбөткөн мыйзамы8-мартта Бишкекте жүрүш өткөрүү өтүнүчү президент Жапаровго жолдондуМанаста сот алимент төлөбөй жүргөн жаранды эки жылга кестиОмандан дагы 85 кыргызстандык алып келинди Үч жашка чейинки бардык балдарга мамлекеттик жөлөкпул берилет Президент Садыр Жапаров Ажиев тууралуу айтылган сындарга жооп берди