Киев Будапешттен украиналык инкассаторлор кармалган кезде алынган акча менен алтынды кайтарууну талап кылууда.
Украин тышкы иштер министри Андрей Сибига окуяны "болуп көрбөгөндөй мамлекеттик бандиттик жана рекетчилик актысы" деп атады.
"Бул акча Венгрияга жана анын өкмөтүнө таандык эмес, алар Украинанын мамлекеттик "Ощадбанкына" жана албетте украиналык салык төлөөчүлөргө таандык", - деп жазды ал X социалдык тармакка.
Бир күн мурун "Ощадбанк" да Венгриядан инкассаторлордун автоунаасын жана билдирүүдө айтылгандай, мыйзамсыз тартылып алынган баалуулуктарын кайтарууну талап кылган.
Каржы уюму ташуу "Ощадбанк" менен Австриянын "Райффайзен" банкынын ортосундагы эл аралык макулдашуу алкагында жүргүзүлүп келгенин, жүк да эл аралык жүк ташуу эрежелерине жана Европанын бажы жоболоруна шайкеш келтирилгенин билдирүүдө.
"Венадан Украинага ташылган каражаттар "Ощадбанкка" тиешелүү. Акча банка украин жарандары жана ишкерлери тарабынан ишенип тапшырылган. Каражат Украинага андан ары жүгүртүүгө колдонуу жана өлкөнүн нак акча базарын толтуруу үчүн жиберилген", - деп жазылган билдирүүдө.
5-мартта Венгрияда Венадан Украинага 40 млн доллар, 35 млн евро жана тогуз килограмм алтын алып бара жаткан украиналык инкассаторлор кармалган. Бул боюнча арам акчаны адалдоо шеги менен кылмыш иши козголгон. Венгер бийлиги кармалган украин жарандары өлкөдөн чыгарыларын билдирген. 6-мартта инкассаторлор мекенине кайтып келишти, бирок алардын автоунаасы ичиндеги каражаты менен Венгрияда кала берүүдө.
Киева менен Будапешттин мамилеси Украина Орусиянын энергоресурстарын "Дружба" кууру аркылуу Венгрияга өткөрүүнү токтоткондон тарта чыңалган. Украина мунай кууру Орусиянын соккуларынан жабыркаганын билдирсе, Будапешт мында саясий себеп бардыгын айтып келет.
6-марттын таңында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Kossuth радиосуна курган маегинде Будапешт Украинага да маанилүү товарларды транзиттөөнү токтоторун, бул Киев "Дружбанын" ишин жандантканга чейин уланарын билдирген. Ал Венгрия да Европанын Украинага жардамын бөгөттөөнү улантарын кошумчалаган.