Биринчи жолу Ислам республикасынын тарыхында жогорку лидердин орду атадан балага өттү.
Можтаба Хаменеи коомчулукка өтө көп чыкчу эмес. Ал диний окуу жайлардагы сабактардан тышкары дээрлик эч качан элге ачык кайрылган эмес. Ошого карабастан, аны көпчүлүк Жогорку лидердин кеңсесине жана Ирандын коопсуздук түзүмдөрүнө жакын адамдарга таасир эткен, көшөгө артындагы таасирдүү фигура катары баалашат.
Анткен менен Можтаба Хаменеи ким?
“Урматтуу мырза” Можтаба
Маркум жогорку лидердин 56 жаштагы экинчи уулу көптөн бери “дарбазанын сакчысы” деп мүнөздөлүп келген.
Ал расмий мамлекеттик кызматты эч качан ээлебегени менен, акыркы жыйырма жыл бою атасынын кеңсеси “Бейттин” борборунда иштеп, диний жетекчилик менен Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (IRGC) ортосунда байланыш түзүп келген.
Али Хаменеи бир жолу уулун “ага”, же болбосо “устат” деп гана атагыла деп эскерткен.
2005-жылы президенттик шайлоодо аксакалдардын бири Али Хаменеиге кайрылып, "жогорку урматтуу мырзанын уулу шайлоодо тигини колдоп жатыптыр" дегенде, Хаменеи "Ал жөн гана урматтуу мырзанын уулу эмес, өзү да урматтуу мырза" деп жооп берген. Бул тууралуу ошол жылкы президенттик шайлоодо утулуп калган Мехди Карруби айтып берген.
Мына ошол окуядан кийин Можтаба Хаменеинин ысымы жогорку лидердин уулу эмес, өз алдынча саясий фигура катары кеңири тарай баштаган.
Эми Эксперттер ассамблеясы аны Ислам республикасынын жогорку лидери кылып шайлагандан кийин, Можтаба Хаменеи расмий түрдө өлкөдөгү туруксуз бийлик түзүмүнүн башына барды.
Можтаба Хаменеи Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (IRGC) колдоосуна ээ деп эсептелет. Анын тарапкерлеринин эсебинде, Можтаба коопсуздук түзүмдөрү менен өтө жакын байланышта болгондуктан учурда лидерликке эң ылайыктуу адам.
"Атадан балага өткөн бийлик" тууралуу сын
Бирок анын бийликке келиши коом ичинде, айрыкча Ислам республикасынын негизги тарапкерлеринин арасында нааразылык жаратышы мүмкүн. Сынчылар “бийликтин мураскерге өтүшү” 1979-жылдагы Ислам революциясынын монархияга каршы негизги принциптерине каршы келет деп эсептешет.
2024-жылы Эксперттер ассамблеясынын бир мүчөсү улук Хаменеи жыйындарда уулунун өз ордуна келишине каршы болгонун билдирген.
Мындан тышкары, Хаменеи кичүүсүнүн диний даражасы салыштырмалуу төмөн экени дагы талаш жараткан маселелердин бири бойдон калууда.
2011-жылдан бери үй камагында отурган мурдагы премьер-министр Мир Хоссейн Мусави төрт жыл мурда эле Али Хаменеи уулун өз ордуна даярдап жатат деп эскерткен.
Бул сын пикирлерге жооп катары Эксперттер ассамблеясы жогорку лидерди дайындоо "татыктуулукка негизделген тандоо" аркылуу жүргүзүлөрүн баса белгилеген.
Акыркы иликтөөлөрдө, анын ичинде январдын аягында жарыяланган Bloomberg агенттигинин баяндамасында, Можтаба Хаменейге байланышкан ири жана жашыруун кыймылсыз мүлк тармагы тууралуу айтылган. Ал 2019-жылдан бери АКШнын санкциялык тизмесинде.
Бул маалыматтарга караганда, ал ортомчулар жана атайын түзүлгөн компаниялар аркылуу дүйнө жүзүндөгү кымбат активдердин кеңири тармагын сактап жана кеңейтип келген.
Можтаба Хаменеинин жубайы Захра Хаддад Адел да жогорку лидер болгон кайнатасы менен бирге АКШ менен Израилдин ошол эле чабуулунда каза болгон.