Порнографиялык сайттарга бөгөт коюунун тартиби бекитилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда порнографиялык сайттарга жана алардын баракчаларына бөгөт коюунун тартиби бекитилди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти жайылтуу фактысы аныкталган учурда үч жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө сайттын же анын соцтармактагы баракчасын эки айга чейин жабуу чечимин кабыл алат. Аны тиешелүү мекемеге жиберет жана алар бир жумуш күндүн ичинде чечимди интернет-провайдерге же хостингпровайдерге, сайттын ээсине аткаруу үчүн жиберет.

Сайттын ишин токтотуп туруу жана чектөө жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин кызыкдар адамдар ага каршы арыз бербесе, сайт кайра калыбына келтирилбейт. Андан тышкары өлкөдө порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган сайттардын реестрине киргизилет.

Ѳкмөт мындай чечим коомдун моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарын коргоо максатында кабыл алынганын билдирди. (BTo)

Дагы караңыз

Кытай Ирандын жаңы лидерин бутага алууга каршы экенин билдирдиМожтаба Хаменеи дайындалгандан кийин аны колдогондор жана каршылар Тегерандын көчөлөрүнө чыкты Трамп Ирандын жаңы тандалган жогорку лидери тууралуу комментарий берген жок Жогорку сот Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт айт десе" боюнча мурдагы өкүмдү өзгөртүүсүз калтырдыЫрайым менен эркиндикке чыккан Даниел Ажиев эки айга камалдыПрезиденттин Баткендеги мурдагы өкүлү айыл чарба министринин орун басары болдуДепутат Аманова чыгарылган китептердин 60-70% диний багытта экенин айттыАкыркы беш жылда Кыргызстанда 141 тонна алтын өндүрүлдү