Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык кан борборунун мурдагы жетекчиси коррупциялык схема уюшурууга шектелип кармалганын кабарлады.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү кан борборун 2012-жылдан 2025-жылдын августуна чейин жетектеп турган.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы ал жеке менчик компаниялардын биринин жетекчиси менен келишим түзүп, кан борборуна кымбат баалуу медициналык жабдууларды - Cobas S201 маркасындагы пцр-лабораториясын жана ARCHITECT Plus жана ABBOTT маркасындагы ИХЛА-лабораториясын орноткон.
"Экс-директор К.Б.Б. Республикалык кан борборуна ПЦР жана ИХЛА лабораториялары үчүн керектүү реагенттерди (анализдерди текшерүү, аныктоодо колдонулуучу зат) жеткирүү боюнча «М» ишканасы менен келишим түзгөн. Аталган компания 5 жыл бою реагенттерди кымбат баада жеткирип турган. Алынган каражаттын белгилүү бир бөлүгү директор К.Б.Б.га берилген", -деп билдирди атайын кызмат.
УКМК Республикалык кан борбору 2020–2025-жылдар аралыгында мурдагы директор К.Б.Б. жана жеткирүүчү компаниянын коррупциялык аракетинен мамлекетке 36 млн сом зыян келтирилгенин кошумчалады.
Шектүү 5-мартта кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал эми менчик ишкананын жетекчисинин аракеттерине тергөөнүн жүрүшүндө укуктук баа берилет.
Учурда аталган кылмыш иши боюнча коррупциялык схемага тиешеси болгон башка кызмат адамдарын аныктоо аракети улантылып жатканы кабарланды.
Шектүү тарап комментарий бер элек. (ZKo)