Өкмөт малды экспорттоого убактылуу тыюу салды

Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын - бодо мал, кой-эчкини өлкө аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгону 9-мартта кабарланды.

Чечимдин негизги максаты өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына базар бааларын турукташтыруу экени айтылды.

Токтомду ишке ашыруу бир катар мамлекеттик органдарга жүктөлдү.

Евразия экономикалык комиссиясынын иликтөөсүнө ылайык, Кыргызстанда эттин баасы былтыр ноябрга караганда 14% кымбаттады.

Ушул күндөрү Бишкектеги эт базарларда кой, уй этинин бир килограммы 750 сомдон 950 сомго чейин сатылып жатат. Жылкынын эти 690 сомдон жогору.

Айыл чарба министрлигинин расмий маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2025-жылы 1 млн 857 миң бодо мал, 6 млн 318 майда жандык каттоого алынган.(ZKo)

Дагы караңыз

Иран Израилге, Араб өлкөлөрүнө сокку урду. Дүйнөдө мунай кескин кымбаттады Республикалык кан борборунун мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелип кармалдыАкылбек Орозматов ОшТВ телеканалына жетекчи болду Дүйнөлүк базарда мунайдын баррели 100 доллардан аштыКытай Ирандын жаңы лидерин бутага алууга каршы экенин билдирдиАба ырайы: жаан, кар жаайт