Путин менен Трамп Иранды жана Украинаны талкуулашты

Владимир Путин жана Дональд Трамп. Аляска, АКШ. 2025-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп жана Орусиянын лидери Владимир Путин 9-мартта телефон аркылуу сүйлөшүп, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жана Украинадагы согушту талкуулашты. Бул тууралуу Кремль маалымдады.

Путиндин атайын чабарманы Кирилл Дмитриев сүйлөшүүлөрдө Украина тууралуу "конструктивдүү сүйлөшүү бир саатка созулганын" билдирди. "Украин жана иран жаңжалдарынын мүмкүн болгон чечимдери талкууланды" деп жазды ал.

Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков АКШ лидери Украинадагы "кырдаалдын эртерээк жөнгө салынышына кызыкчылыгын билдиргенин" маалымдады.

Трамп менен Путин Украина тууралуу былтыр да сүйлөшкөн, бирок бул 2026-жылдагы алгачкы сүйлөшүүсү.

Украин президенти Владимир Зеленский бул аптага болжолдонгон үч тараптуу - АКШ, Орусия жана Украина сүйлөшүүсү кийинкиге калганын билдирди.

Кремль билдиргендей, Трамп менен сүйлөшүүсүндө Путин ошондой эле "Иран жаңжалы саясий-дипломатиялык жол менен эртерээк чечилишин кааларын" айтты.

Америка тарап азырынча эки лидердин сүйлөшүүсү тууралуу маалымат бере элек.

Буга чейин Орусия Иранга Жакынкы Чыгыштагы АКШнын күчтөрүнө каршы сокку уруу үчүн чалгындоо маалыматтарын, тактап айтканда, АКШнын аскердик объектилеринин, анын ичинде согуштук кемелеринин жана учактарынын жайгашкан жерлери тууралуу кабарлап жатканы боюнча маалыматтар пайда болгон. Бирок Трамп жана АКШнын башка да расмий өкүлдөрү муну анча маанилүү эмес фактор деп билдиришкен.

Дагы караңыз

Жогорку сот Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт айт десе" боюнча мурдагы өкүмдү өзгөртүүсүз калтырдыДүйнөлүк базарда мунайдын баррели 100 доллардан аштыБахрейндеги мунай заводуна соккудан 32 киши жараат алды Түркия НАТО Ирандан учурулган экинчи ракетаны атып түшүргөнүн билдирди"Шаарды 2,3 млрд сом карыз менен калтыргам". Оштун бересеси канча?