Кызматтан алынган Шамыркановго каршы жазылган арыз боюнча кылмыш иши козголду

Урматбек Шамырканов

Аскер прокуратурасы кызматынан бошотулган мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановго кылмыш ишин козгоду. Ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) офицеринин Шамырканов "пара талап кылды" деп президентке даттануусу негиз болгонун Башкы прокуратура маалымдады.

Маалыматка ылайык, учурда мекеменин кызматкеринен пара талап кылуу жагдайы иликтенип жатат.

"Тергөө жүрүп жатат, жыйынтыгына жараша тийиштүү адамдарга укуктук баа берилет", - деп билдирди башкы көзөмөл органы.

10-мартта президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Урматбек Шамырканов кызматтан бошотулган. Буга "кол алдында иштеген кызматкерден жогорку деңгээлдеги кызмат ордуна көтөрүү үчүн пара талап кылууга шектелип жатканы" себеп болгонун президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук аркылуу коомчулукка маалымдаган.

Урматбек Шамырканов ӨКМ министринин орун басары болуп иштеп жүрүп, быйыл 16-февралда президенттин буйругу менен министр болуп дайындалган. (ZKo)

Дагы караңыз

Казакстандыктар Конституция тууралуу жазган посттору өчүрүлүп жатканын билдириштиОрозо айт майрамы 20-мартта белгиленетКоргонбай уулу Шаирбек Ташиев менен казино боюнча сүйлөшкөнүн ырастадыОш мэриясы төрт муниципалдык ишкана күрөөдө экенин билдирдиӨкмөт бааларды туруктуу кармоонун ыкчам чараларын талкууладыОрус аскерлери Днепр жана Харьковго сокку урганда кеминде он киши жараат алды