Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакын тарапташы Мунарбек Сайпидиновдун иши Оштун Кара-Суу райондук сотунда каралып баштады. Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлагандай, күбөлөр келбей калгандыктан кийинки соттук жараян 18-мартка дайындалды.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунда мамлекеттин карамагындагы жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталган. Мунарбек Сайпидинов, Савай айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстар мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук филиалынын кызматкерлери 2014-жылдан бери жеке тараптар менен биргеликте мамлекетке тиешелүү жер тилкелерин жана социалдык мекемелерди мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз чыгарып, ири өлчөмдөгү зыян келтиришкени аныкталганы маалымдалган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, Мунарбек Сайпидиновго сыртынан айыбы угузулуп, камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Ал Орусияда кармалып, 2025-жылы 7-августта Кыргызстанга алынып келген. Ушул тапта камакта жатат.
Мунарбек Сайпидинов былтыр 6-августта социалдык тармактардагы баракчасына видео кайрылуу жарыялап, Орусиянын Новосибирск шаарында кармалганын, мунун артында “Райымбек Матраимов турарын” айткан. Ошондой эле “Айэркен Саймаитинин жана журналист Улан Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу айрым фактыларды” билерин жарыялаган.
Райымбек Матраимов жана анын адвокаттары менен жакындары бул дооматтар боюнча үн ката элек.
Мунарбек Сайпидинов (мурдагы фамилиясы Раимбеков) Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан 2020-жылга чейин жетектеген. 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан. Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга байланыштуу сот жообуна тартылган Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.
2021-жылдын 11-январында Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында кармалган. Ош шаардык соту эки күндөн кийин 13-январда Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасын карап, анын туруктуу жашаган жери бар экенин, мамлекетке келтирилген 1 млн 33 миң 700 сомдук материалдык зыянды толугу менен төлөп бергенин жана үй-бүлөлүк абалын эске алып үй камагына чыгарган, шектүү сот залынан бошотулган. Кийин Ош шаардык соту жаза мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу Мунарбек Сайпидиновго козголгон кылмыш ишин кыскартканы маалым болгон. (BTo)