Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Кара-Балта шаарында жолдошун өлтүргөн деген шек менен 58 жаштагы аял кармалганын билдирди.
Облустук милициянын маалыматында 11-мартта Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө шектүү үйүндө күйөөсүн өлтүргөнүн айтып, кабар берген. Бул факты катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган.
Тергөөдө 11-мартка караган түнү жубайлар спирт ичимдигин ичип отуруп, ортодо пикир келишпестик чыкканы айтылган. Шектүү күйөөсү аны кемсинтип, моралдык-психологиялык басым кылганын, ушундан улам аны бычак менен мойнун кесип жибергенин айткан. Маркум алган жаракатынан каза болгон.
Окуя болгон жерден бычак алынып, маркумга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Шектүү аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. (BTo)