“Орто-Алыш” суу алуучу жайынын жанына курулган коттедждердин мыйзамдуулугу текшерилет

“Орто-Алыш” суу алуучу жайы жана анын жанына курулган коттедждер.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Орто-Алыш” суу алуучу жайынын жанына курулган объектилер, анын ичинде коттедждердин мыйзамдуулугун текшерүү тапшырмасын берди.

Мэриянын маалыматына караганда, 12-мартта борбор калаанын башчысы “Орто-Алышка” 12-кошумча көлмөнү куруу боюнча даярдык иштеринен кабар алды. Анда суу алуучу жайдын аймагы стратегиялык объект болуп эсептелерине карабай, анын жанына бир топ курулуштар, коттедждер түшкөнү аныкталган.

12-кошумча көлмөнүн узундугу 283, туурасы 86 метр болуп, ага 100 миӊ куб суу батат деп болжолдонууда. “Орто-Алыш” Бишкек шаарынын калкын 40% ичүүчү суу менен камсыз кылат. (BTo)

Дагы караңыз

"Крокус" иши: Москва соту жалпы 15 кишини өмүр бою эркинен ажыраттыУкраинада дрон соккусунан 15 жаштагы кыз, Орусияда айдоочу каза болгону кабарландыМитинг-пикеттерди жергиликтүү бийлик аныктаган гана жерде өткөрүү сунушталдыЖурналист Алтынай Арстанбекова эки айга тергөө абагына камакка алындыАКШда Путиндин атайын өкүлү баштаган делегация менен жолугушуу өттүИрак Ирандын танкерлерге чабуулунан кийин мунай терминалдарынын ишин токтотту Былтыр Кыргызстанда адамдар интернет шылуундарга 826 млн сом алдаткан"Хезболла" Израилдин түндүгүн аткылады"Бир дүйнө–Кыргызстан" уюму балдардын сырттан диний билим алуусун тыюу мыйзамына каршы чыкты