Европарламент Орусия Африка, Азия жана Латын Америка өлкөлөрүнүн жарандарын Украинага каршы согушка жалдоо менен адам аткезчилигине барган деп айыптады. Депутаттар ошол схемага тиешеси бар адамдарга санкция салуу чакырыгы камтылган резолюцияны колдошту.
Бир катар эл аралык медиа Орусия 2024-2025-жылдары дүйнөнүн чар тарабынан жаштарды урушка жалдаганы тууралуу иликтөө чыгарышкан.
Чет өлкөлүктөргө билим алуу жана жумуш убада кылынганы менен аларды кийин кан майданга жөнөтүшкөн. Кыздарды дрон чогултуу иштерине тартышкан. Бул маселеге буга чейин Интерпол жана укук коргоочу уюмдар көңүл бурушкан.
Нидерланддык евродепутат Марит Май Страсбургдагы жыйында: «Жумушсуздук өтө жогору болгон, социалдык бейстабилдүүлүк өкүм сүргөн африкалык бир нече өлкөдөн аялдар менен эркектерди Орусияга жумушка жалдашкан. Бирок ал жерге барганда паспортторун алып коюп, Украинага каршы баскынчы согушка катышууга мажбурлашкан», - деп айтты.
Мындан эки жылдай мурун маалымат каражаттарында чет өлкөлүктөрдү жалдоо тууралуу кабарлар пайда болгон. Адегенде Непалдан, кийин Уганда, Эфиопия, Нигерия, Руанда жана башка африкалык өлкөлөрдөн азгырышканы айтылган.
Быйыл февралда Кениянын парламентинде чалгын кызматынын отчету сунуш кылынган. Андагы маалыматка караганда, Орусия согушка бир миңден көп кениялыкты жалдаган. Марттын башында ал өлкөнүн жарандары дайынсыз болгон жакындарын табууну талап кылып митингге чыгышкан.
Европарламент мындай көрүнүш менен күрөшүүгө чакырып, согушка азгыруу жарыянына 36 өлкө тартылганын белгиледи.
Орусия Украинадагы согушка кыргызстандык жарандарды да алдап азгырганы же мажбурлап майданга жөнөткөнү тууралуу маалыматтар бар.