Милиция укук коргоочу Төлөкан Исмаилованы суракка алып кетти

Төлөкан Исмаилова.

13-мартта укук коргоочу Төлөкан Исмаилова аны Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери суракка алып баратканын билдирди.

Мунун алдында ал Фейсбуктагы баракчасына шаардык милициянын тергөөчүсүнүн тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканы тууралуу материалын жарыялаган. Анда Фейсбукта Tolekan Ismailova деген аталыштагы аккаунт социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында негативдүү реакция жараткан маалыматтарды таратып жатканы айтылат.

Буга байланыштуу Tolekan Ismailova деген баракчанын ээсине карата ыкчам териштирүү иштерин жүргүзүп, аны тергөөгө жеткирүүнү камсыз кылуу жазылган.

Төлөкан Исмаилова башка укук коргоочулар менен чогуу Бишкектин негизги аянттарында тынч жыйындарды өткөрүүгө салынган тыюу боюнча 13-мартта Бишкектин Биринчи май райондук администрациясына каршы райондук сотко арыз берүүнү пландап жатышкан.

Укук коргоочунун милиция кызматкерлери аны суракка алып баратканы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу ички иштер мекемеси комментарий же маалымат бере элек.

Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган чектөөнүн мөөнөтү утур узартылып, шаардын негизги аянттарында акция өткөрүүгө тыюу салынганына төрт жыл болду. Тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салуу сунушун райондук администрация берип, аны сот канааттандырып келет.

Президент Садыр Жапаров 11-мартта Жогорку Кеӊеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып сот, прокуратура жана башка жерлердин алдында гана акция өткөрүүгө тыюу салынганын, Бишкектеги Горький бакчасында кенен өткөрө берүүгө болорун айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Европарламент Орусия чет өлкөлүктөрдү Украинага каршы "согушка жалдап, адам аткезчилигине барган" деп айыптады"Крокус" иши: Москва соту жалпы 15 кишини өмүр бою эркинен ажыраттыМожтаба Хаменеи алгачкы кайрылуусунда Ормуз кысыгын бөгөттөө уланарын айттыСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды тынч жол менен чечүүгө чакырды“Орто-Алыш” суу алуучу жайынын жанына курулган коттедждердин мыйзамдуулугу текшерилетБишкекте коомдук ашканадан уулангандар саны 20га жетти, бирөө реанимацияда