Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Орто-Алыш” суу алуучу жайынын жанына курулган объектилер, анын ичинде коттедждердин мыйзамдуулугун текшерүү тапшырмасын берди.
Мэриянын маалыматына караганда, 12-мартта борбор калаанын башчысы “Орто-Алышка” 12-кошумча көлмөнү куруу боюнча даярдык иштеринен кабар алды. Анда суу алуучу жайдын аймагы стратегиялык объект болуп эсептелерине карабай, анын жанына бир топ курулуштар, коттедждер түшкөнү аныкталган.
12-кошумча көлмөнүн узундугу 283, туурасы 86 метр болуп, ага 100 миӊ куб суу батат деп болжолдонууда. “Орто-Алыш” Бишкек шаарынын калкын 40% ичүүчү суу менен камсыз кылат. (BTo)
Шерине