Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы судья кызматкери, азыр адвокат болуп иштеп жаткан адам (А.К.А.) акча талап кылуу фактысы боюнча кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын 13-марттагы маалыматында тергөөдө шектүү кызматтык абалын жана жеке байланыштарын пайдаланып, жарандык иштер боюнча соттун оң чечимин чыгарып берүүгө көмөк көрсөтүү үчүн акча талап кылуу схемасын уюштурганы аныкталган.
УКМК ал башта жабырлануучудан 25 миң доллар алганы такталганын билдирди. Кийин дагы 7 миң доллар талап кылып, жабырлануучу андан баш тартканда соттун чечимин каршылаш тараптын пайдасына чыгартып коюу менен коркуткан.
Ыкчам-издөө иш-чараларында жактоочу талап кылынган сумманын бир бөлүгүн - 437 миң 500 сомду алып жатканда кармалып, соттун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
Шектүүнүн адвокаты менен жакындары комментарий бере элек. (BTo)