Дарыгерлердин айлык акысы 1-апрелден тартып 100% көтөрүлөрүн саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев 13-мартта парламентте “Ишеним” жана “Ала Тоо” депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.
Анын сөзүнө караганда, алыскы аймактарда иштеген дарыгерлердин депозити 33 миң сомдон 66 миң сомго көбөйөт.
"Бул үч айда бир 66 миң сомдон алышат дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле алыскы аймактарда иштеген жетишсиз, көйгөй болуп жаткан бир нече кесиптер бар, бул - неонатолог, педиатр, анестезиолог, реаниматологдор ай сайын 20 миң сомдон кошумча айлык акы алышат. Дагы белгилеп кетүүчү нерсе - 100 пайыз көтөрүлгөн айлык акынын ичинде президенттик фонддон да ар бир дарыгерге жана медайымга 15 миң сомдон бөлүнүп берилип жаткан акча бар. Бул дагы болсо биздин врачтарга стимул болот", - деди Мамадалиев.
Министрдин орун басары депутаттарга учурда саламаттык сактоо тармагында жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтуусунда, 2026-жылга Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетине 52,380 млн сом бөлүнгөн.
Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлердин айлыгы көтөрүлгөнүн, 120 миң сомго чейин айлык алгандар бар экенин 2024-жылы билдирген. Ал кызматтан кеткенден кийин ордуна келген Эркин Чечейбаев дарыгерлер түрдүү коэффициент жана кошумча акыны кошкондо 35-40 миң сом аларын айткан.
Улуттук статистика комитетинин эсебинде 2025-жылы Кыргызстанда орточо айлык акы 42 019 сом болду.
Кыргызстанда орточо айлыктын көрсөткүчү боюнча коомчулукта ар кандай талаш-тартыш болуп келет. Айрымдар орточо эмгек маяна 40 миң сомго жетпей турганын айтышат. (ZKo)