"Кумтөрдүн" экономикадагы барааны. Бөлтүрүктүн билдирүүсү, ишкананын жообу

"Кумтөр" кениндеги алтын куюу процесси.

Кыргызстанда буга чейин коррупция беренеси боюнча соттолгон Кумтөр ишканасынын мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк кендеги алтын өндүрүүнүн чыгымы көбөйүп, өндүрүш азайып кеткенин жазып чыкты. Буга компаниянын учурдагы жетекчилиги жооп берип, Бөлтүрүк Кумтөргө 1 миллиард сомдук зыян келтиргенин жазды. Кыргыз бийлиги Кумтөр мамлекетке алынганы өлкөнүн экономикасы үчүн болуп көрбөгөндөй салым кошуп жатканын айтып келет.

Бөлтүрүктүн билдирүүсү

“Кумтөрдүн” мурунку президенти Тенгиз Бөлтүрүк социалдык тармактар аркылуу кайрылуусунда кенди ал башкарып турган 15 айда бир унций алтын өндүрүүнүн чыгымын 1152 долларга чейин түшүргөнүн, кийин ал 3000 долларга чейин көтөрүлүп, алтын казуунун көлөмү азайып кеткенин айтты.

“Менден кийин 2023-жылы жазында ушул эле көрсөткүч 2050 долларга жетти деп Кумтөрдүн отчетунда көрсөтүлдү. Ошондо журналисттер “Алтындын баасы азыр 1850 доллар болсо, анда Кумтөр таза пайда эмес, чыгашалуу ишкана болгон турбайбы. Каяктагы 30 млн доллар таза пайда таптык деп жазышат?” деп туура жазышты. Ошондон бери Кумтөрдүн ушул негизги көрсөткүчүн отчеттордо элге көрсөтпөй калышты. Азыр болсо ошол эле көрсөткүч 3000 доллардан ашып кетти деп макалалар чыгып жатат. 2022-жылы биз 17,3 тонна алтын бердик. 2023-2025-жылдары алтындын чыгарылышы 15 тоннага, кийин 12 тонна чейин түшүп кетти… 2022-жылы биз мамлекетке 42 млрд сом салык төлөдүк. Тарыхта Кумтөр мындай салык төлөгөн эмес! 2022-жылы биздин таза кирешебиз 391 млн доллар болду. Ошол кезде алтындын баасы 1800 доллар эле. Азыр болсо алтындын баасы 5000 доллардан ашып 2022-жылга салыштырганда 2,8 эсе өстү! Азыр Кумтөрдүн таза пайдасын 1 млрд долларга көбөйтсө болот! Тилекке каршы, азыркыга чейин таза пайда 350 млн доллардан ашпай жатат», - деп жазды Тенгиз Бөлтүрүк.

Бөлтүрүк камакка алынышы анын аброюна көлөкө түшүрөрүн жана иш жүзүндө Кыргызстандын “Центерра” менен түзгөн Глобалдык келишимин бузуп, эл аралык кепилдиктерин жокко чыгарарын белгиледи.

Арийне, анын мындай билдирүүсү коомдо бир кылка эмес талкуу жаратты.

“Кумтөр” компаниясы менен байланышта иштеген Тимур Саралаев соцтармак аркылуу Бөлтүрүктүн айткандарын четке кагып, өз аргументтерин келтирди:

«2022-жылы Кумтөр бюджетке 36 млрд сом гана төлөгөн. Компания оор мезгилде турганда 55 миң долларлык айлыктан тышкары Бөлтүрүк 100 миң долларлык премияларды өзүнө өзү жаздырган. Өзүнүн жакын адамдарына артыкчылык берип, аялын, балдарын, жакын адамын, балдарынын досторуна чейин кызматка алып, ар түрдүү тааныштарына негизсиз жумуш берип, кызматкерлердин санын 37% көбөйткөн. Миңге жакын адамдын баары - өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеген “клан” болуп калган. Бөлтүрүк Динара Кутмановага Кумтөрдүн эсебинен Toyota Land Cruiser 200 белек кылган жана компаниянын баштаган долбоорлорунун көбүн ага өткөрүп берген. Бул ресурстарды жеке кызыкчылык үчүн колдонуу, кызматтык абалды жемкорлукка айлантуу деп эсептесе болот, анткени ортодо чоң кызыкчылык болгон».

Башкы прокуратура 2022-жылы “Кумтөр” ишканасындагы коррупциялык иштерден бюджетке 1 млрд 146 млн сом зыян келтирилгенин кабарлап, компаниянын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү, жабдуу боюнча мурдагы адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын ошол кездеги директору Рыспек Токтогуловду, ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановду кармаган.

Мекеме май айында 844 млн 512 858 сом Тенгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылганын билдирген. Бирок ким канча каражат төккөнү ачыкталган эмес.

2023-жылы 21-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Бөлтүрүктү күнөөлүү деп таап, 800 миң сом айып пул салган. Сот чечими менен Бөлтүрүктү үй камагына алган бөгөт чарасы жокко чыгарылып, анын банк эсептери камактан бошотулган.

Башкы прокуратура ага салынган айып жасаган кылмышынын жазасы экенин, Бөлтүрүк ага чейин келтирилген зыянды толук жапканын түшүндүргөн.

Өлкөнүн Эсеп палатасы 2023-жылы “Кумтөр Голд Компанини" Бөлтүрүк жетектеп турган убакыт боюнча жүз барактан турган отчетун жарыялаган. Анда кызматкерлердин эс алуусунан баштап кайрымдуулукка чейин коротулган эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердүүлүгү ийне-жибине чейин эсептелип жазылган.

Аудиторлор 2022-жылдын май айларында Тенгиз Бөлтүрүк төрт баласынын жана жубайынын Канадага авиабилетин төлөп бергенин жазышкан. Ага 1 миллион 45 миң сом короп, бул боюнча отчет берилген эмес.

Эң чоң чыгымдардын бири “Кумтөр Голд Компани” жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмерекке кеткен. Кеңсе эмерегин сатып алып, ташып келүү жана орнотуу үчүн дээрлик 180 миллион сом коротулганы айтылган.

Мындан төрт жыл мурун мамлекетке өткөн кендеги чыныгы абал кандай?

"Азаттыкка" "Кумтөр" ишканасы берген расмий маалыматка ылайык, алтын өндүрүүнүн жалпы чыгымы Бөлтүрүк айткандай 3000 доллар эмес, 2025-жылы 1884 долларды түзгөн. Башкача айтканда, чыгым 2021-жылдан бери 59% өскөн. Компания мындай өсүүнү дүйнөдөгү акыркы геосаясий окуялардан улам логистиканын, күйүүчү майдын, реагенттердин, тетиктердин, электр энергиясынын ж.б. кескин кымбатташы менен түшүндүрөт. Маселен, күйүүчү май 50%, реагенттер жана химикаттар 70%, транспорттук чыгымдар эки эсе, электр энергиясы 92%, оор тоо-кен жана көмөкчү техника тетиктеринин баасы 30% чейин кымбаттаган.

“Кумтөрдүн” 2025-жылдагы отчетуна көз чаптырсак, өткөн жылы кенден түшкөн киреше 124 млрд 216 млн сомдон ашты. Анын ичинен компаниянын таза пайдасы 59 млрд 286 млн сом болгон. Муну менен катар салык жана милдеттүү төлөмдөр үчүн бюджетке 21,5 млрд сом төккөн.

Өлкө боюнча 26 тонна алтын өндүрүлгөн болсо, анын 12 тоннадан ашыгы “Кумтөргө” таандык. Ошол эле маалда компаниянын алтын сатуудан тапкан акчалай кирешеси 2025-жылы 44% өскөн.

Муну эксперттер дүйнөлүк рынокто алтындын баасынын өсүп жатышы менен түшүндүрөт. Финансылык талдоочу Калысбек Жунушбек дүйнөдөгү туруксуздук менен белгисиздик коштогон геосаясий кризистерден улам мамлекеттер менен инвесторлор алтынды көбүрөөк сатып алып жатышканын белгилейт:

“Дүйнөдөгү улуттук банктардын бардыгы азыр ай сайын 60 тоннага жакын алтын сатып алып жатышат. Жеке инвесторлор дагы өздөрүнүн портфолиосун диверсификация кыла баштады. Мурда ар кандай тармактагы акцияларды жана доллар менен кармаган болсо, азыр жок дегенде 10-15% алтынга өткөрө баштады. Азыркы божомолдорго караганда алтындын, күмүштүн, платинум жана жездин баасы абдан өсүп жатат. 1970 жана 2011-жылдары кризистин айынан алтындын баасы дагы абдан жогорку темпте өскөн болчу. Бирок анда элдин саясатка, экономикага болгон ишеними бар эле. 2011-жылдан кийин кайра коррекция болгон, алтындын баасы 40% көрсөткүчтөн 60% чейин кайра оңдолгон. Азыркы учурда белгисиздиктен, элдин саясатка, мамлекетке болгон ишеними кеткендиктен, менимче, мурдагы кризистердегидей коррекция болбойт. Ашып барса 15% чейин өзгөрүшү мүмкүн”.

Адистин айткандарынын жөнү бар. Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, “Кумтөрдүн” алтын куймасынын баасы 2024-жылы 26%, 2025-жылы 51% көтөрүлгөн.

“Кумтөрдүн” өндүрүшү басаңдап кетти

Сандарга байкоо салсак, “Кумтөрдөн” түшкөн акчалай киреше өсүп жатышы эл аралык рыноктогу алтындын кымбатташына тыгыз байланыштуу көрүнүш. Ал эми продукциянын көлөмүн алчу болсок, кендеги алтын өндүрүшү соңку 4-5 жылдан бери улам басаңдап баратканын көрөбүз.

Маселен, компания 2025-жылы өндүргөн алтындын көлөмү 12 тонна 81 килограмм болгон. Мындан алганда, былтыр өндүрүлгөн алтындын көлөмү кен мамлекетке өткөндөн бери 17%, 2019-жылдан бери 35,3% төмөндөгөн.

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев жергиликтүү медиалардын бирине курган маегинде алтын өндүрүүнүн көлөмүн 2030-жылга чейин көбөйтүү аракети жүрүп жатканын билдирген.

“Учурда алтын өндүрүүнүн көлөмү түшүп кетти. Бул өлкөбүздүн экономикасына да таасирин тийгизет. Биз мунун үстүнөн иштеп жатабыз. Бир нече компания алтын фабрикаларын куруп бүтүп калышты. Кийинки жылдан тартып алтын өндүрүү көбөйөт. 2030-жылга чейин биз мурдагы кубаттуулукту калыбына келтирип эле тим болбой, көлөмдү көбөйтө да алабыз – 35 тоннадан ашат деп ойлойм”.

Мамлекетке өткөндөн кийин “Кумтөрдүн” иши жакшырдыбы?

Кыргыз өкмөтү 2021-жылы кенди толугу менен мамлекеттин колуна алгандан кийин алтын сатуудан түшкөн киреше өсүп, ири курулуштар менен долбоорлорго жардамы тийип жатканы айтылып келет.

Мурда ачык жол менен казылган кендин ишмердиги айлана-чөйрөгө олуттуу таасир кылгандыктан өкмөт алтынды жер астында казууну көбөйтөрүн жарыялаган. 2024-жылы жер астынан казуу үчүн 147,5 тонна алтын кору мамлекеттин балансына коюлган. Аны менен катар “Тоголок” жана “Жангарт” кендерин да “Кумтөрдүн” ээлигине берген. Ал жакта компания геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүп, инфратүзүмдүк объектилерди куруп жатат. Калдык сактоочу жайда 100 тоннадай алтын бар деп, аны кайра иштетүү ниети айтылган.

Февралдын соңунда “Ынтымак Ордодо” өткөн республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров 2021-жылдан бери кендин кирешеси көбөйүп, өлкө экономикасын алдыга сүрөп жатканын айтты:

“2021-2025-жылдары “Кумтөрдүн” өндүрүшүнөн түшкөн жалпы киреше 5 млрд 115 млн долларды же 440 млрд сомдон ашык каражатты түздү. Бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 176 млн доллар же 100 млрд сомдон ашык акча- каражаты түштү. Мындан тышкары, акыркы төрт жылда мамлекет 441 млн доллар же 38 млрд сомдон ашык дивиденд алдык. Тарых үчүн салыштырып айта кетейин, 1994-2021-жылдар аралыгында Кыргызстан “Кумтөрдөн” болгону 100 млн доллар дивиденд алганбыз. 410 тонна алтын чыгып кетсе, ошонун бир тоннасы гана биздин Кыргызстандын пайдасы деп калган. Ал эми бүгүн “Кумтөр” бюджеттин туруктуу киреше булагы болуп, социалдык милдеттенмелерди жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоого кызмат кылууда”.

Президентти тактап коюу керек, Кыргызстан 2022-жылдан берки төрт жылда 441 млн эмес, 591 млн доллар дивиденд алган (2021-жылдын маалыматы жок). Компания 2021-жылдан бери 70 тоннадан ашуун алтын өндүрсө, аны сатуудан тапкан таза пайдасы 2 млрд долларга чукулдайт.

Мурда экономиканын өнүгүшүн эсептегенде “Кумтөрдүн” үлүшүн кошуп жана өзүнчө эсептеген эки көрсөткүчтү беришчү. “Кумтөрдү” кошкондо ИДПнын динамикасы бир кыйла жогорулап калар эле. Бирок, соңку жылдары кендин үлүшү экономиканын көрсөткүчтөрүн жогору көтөрбөй эле, тескерисинче, артка тартып калды.

Былтыр апрель айында экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Алмаз Абдекиров:

"Кыргызстанда "Кумтөрдүн" экономикага таасири азайып кетти. Ошондуктан, ИДПны эсептегенде "Кумтөрдүн" кирешесин өзүнчө бөлбөй, жалпы эле көрсөтүп калдык", - деп билдирген.

Мындан беш-он жыл мурда “Кумтөрдүн ИДПдагы үлүшү 10% ашса, ал көрсөткүч улам азайып отуруп, 2025-жылы 6% тегерегине чейин түшкөн.

Арийне, кендин мамлекеттин колуна өткөндөн кийинки ишмердиги көп талкуу жаратып келет. Компаниянын ишмердиги мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө болуп, коррупцияга жана шалаакылыкка жол берилбейт деген убадалар аткарылбай жатканы айтылат. Кендеги натуура иштер тууралуу расмий да, бейрасмий да маалыматтар ар түркүн жоромолдорго жем таштайт.

“Кумтөрдөгү” күмөндүү схемалар токтодубу?

2021-жылы “Кумтөр” мамлекетке алынгандан кийин УКМК төрт кылмыш ишин козгоп, алардын алкагында кенде ири коррупциялык иштер ачыкталганын, жогорку кызмат адамдары аны талап-тоноо менен алектенип келишкенин кабарлаган. Камчыбек Ташиев УКМКны жетектеп турганда мекеменин кезектеги имараттарынын бирин ачып жатып кендеги жемкордук биротоло тазаланганын билдирген.

“Жыйырма бир жылда “Кумтөрдөн” биз 84 млн доллар пайда тааппыз. Ал эми июнь-июль эки айда 90 млн доллар таптык. Мына акчабыз кайда жатат, мына кыргыздардын, Кыргызстандын акчасын талап-тоноп эле жеп жатышкан. Биз алардын коррупциялык схемаларын толук алып чыктык. Ошону УКМК алып чыкты. Толук алып чыктык, биздин мурдагы жетекчилердин бардыгы коррупциялык системага катыштыгы бардыгын аныктадык. Бардык премьер-министрлер, спикерлер, депутаттар, министрлер, президенттер жана башкалардын бардыгы кошулуп алып мамлекетти талап-тоноп жегенге шарт түзүшкөн”.

“Кумтөр” кенинин тарыхында коррупциялык схемалар көп адамдын башын жутту. Президенттер менен өкмөт башчылардан тартып колу булганган, күмөндүү иштерине катышканы ачылган кылмыш иштеринде ачык баяндалып келет.

Азыр дагы кендеги коррупциялык иштер менен күмөндүү схемалар тууралуу ар түркүн кабарлар чыгып турат. Такталбаган маалыматтар менен редакцияга кайрылгандар да бар. Арийне, аларды расмий органдардан тактоо мүмкүнчүлүгү өтө аз.

Тоо-кен тармагындагы эксперт Дүйшөнбек Камчыбеков учурда “Кумтөрдө” кандайдыр бир күмөндүү схемалардын иштеп жатканын укпаганын айтат. Ошол эле учурда ал ен мамлекетке өткөндөн бери менежмент маселесине өзгөчө көңүл буруу зарыл деп эсептейт:

“Менежмент жагынан, чындыгында, маселе жаралып жатат. “Центерра” кетерде 180 тонна тегерегинде алтынды мамлекеттик комиссиянын (ГКЗ) балансына коюп, 2031-жылга чейин жылына 17 тоннадан алтын өндүрөбүз деп келген. План коюп, долбоорлорду ошого даярдаган болчу. Биз 2021-жылы кенди өзүбүзгө алгандан кийин 17 тонна алтынды өндүрдүк. Андан кийин, тилекке каршы, 14,5 тоннага, анан 12,5 тоннага чейин азайып кетти. Мурда кенде иштеген инженерлер өздөрүнүн жумуш долбоорлорун түзүп, Бишкектеги кеңсеге жөнөтчү. Алар карап чыгып, анан Канадага жөнөтүп, өздөрүнүн толуктоолору-тактоолору менен жакшыртып, акыркы вариантын бекитишчү. Бүгүнкү күндө Бишкекте отурган кеңседе күчтүү адистерибиз жокко эседей көрүнүп жатат. Андан тышкары, үстүндө турган “Кыргызалтында” дагы “Кумтөргө” көзөмөл жүргүзүп, кошумча-алымча кылган адистер жокко эседей болуп калды. Ошондон улам биз жылдан жылга алтындын өндүрүмдүүлүгү түшүп баратканын көрүп атабыз”.

Улуттук банктын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматына таянсак, Кыргызстандын эл аралык алтын кору 47 тонна 400 килограммдан ашык. Аны акчага айландырса 6 млрд 441 млн доллар болот.

"Кумтор Голд Компани" ишканасы 2021-жылдан ушул кезге чейинки беш жылда жалпысынан 70 тонна алтын өндүрдү. Андан түшкөн жалпы кирешеси 5,1 млрд долларды түзөт. Бюджетке салык жана башка төлөм түрүндө бир миллиард доллардан ашуун каражат төккөн.