Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Суу кодексинен чыккан талкуу: Кумтөрдүн иши, эки мөңгүнүн эртеңи

Кумтөр кениндеги Давыдов мөңгүсү. Архивдик сүрөт.
Кумтөр кениндеги Давыдов мөңгүсү. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Суу кодексинин жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу талаш чыкты. Тагыраагы, кодекстин текстине Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн казууга уруксат берген сөздү киргизүү сунушталганы ачыкка чыгып, каршылыктарды жаратты.

Мөңгүлөрдүн астын казууга 2017-жылы ызы-чуу менен уруксат берилген жана ал жерден алтын казуу азыр да уланууда. Бирок учурдагы бийлик сунуштаган кодекстин жаңы редакциясында ал киргизилген эмес болчу.

Чуунун төркүнү

Министрлер кабинети иштеп чыккан “Суу кодексинин" долбоору жана “Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2024-жылы апрелде Жогорку Кеңешке киргизилген. Документ былтыр ноябрда биринчи окууда, декабрда экинчи окууда алымча-кошумчалар менен жалпы палатада кабыл алынган.

Долбоор жалпы жыйынга үчүнчү окууга чыгаар алдында депутат Гүлкан Молдобекова дагы бир өзгөртүү киргизүү сунушун бергени маалымдалды.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 10-февралдагы жыйынында комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаев мындай деди:

Аманкан Кенжебаев
Аманкан Кенжебаев

“Бул жерде “мөңгүлөрдүн эришин тездетүүгө таасир этүүчү көмүрдү, күлдү, майларды же башка заттарды же материалдарды пайдалануу менен жасалган ишке, ошондой эле мөңгүлөрдүн абалына же аларда камтылган суулардын сапатына таасир этиши мүмкүн болгон ишке жана муз даярдоо менен байланышкан ишке тыюу салынат” деген сөздөрдөн кийин “Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн кошпогондо” деген сөздөрдү толуктап кетүү сунушталууда. Бул редакциялык гана оңдоо. Сунушту Гүлкан Сакеновна берген. Эгерде беренеге Давыдов менен Лысыйга тыюу салынып калса, анда Кумтөрдүн ишине кедергиси тийип калат экен. Бул азыркы кодексте бар”, - деди ал.

Жөнөкөй тил менен чечмелей турган болсок, азыр иштеп жаткан Суу кодексинин “Мөңгүлөрдү коргоо” деп аталган 62-беренесинде Кыргызстанда мөңгүлөрдүн эришине алып келүүчү иш-аракеттерге тыюу салынары, бирок тыюу Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүнө тиешеси жок экени көрсөтүлгөн. Бул 2017-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кумтөрду казууну улантуу максаты менен сунушталып, кабыл алынган. Кезинде ал нааразылыктар жана соттошуулар менен коштолгон.

2021-2022-жылдары Кыргызстандын азыркы бийлиги кенди Канаданын “Центерра Голд” компаниясынан өзүнө өткөрүп алган мезгилде так ошол мөңгүлөр боюнча доомат арткан. Кумтөр кыргыз өкмөтүнө өткөндөн кийин деле эки мөңгүнүн ордунан алтын казуу улантылган жана кодекстеги ага уруксат берген ченем кала берген.

2022-жылы мыйзамдардын баарын инвентаризациялоо жана жаңылоо аракетинин алкагында Суу кодексинин жаңы редакциясы жазылган. Кокустуктанбы, зарылчылыктан уламбы, айтор жаңы Суу кодексинде “мөңгүлөрдү эритүүгө тыюу салынат” деген беренеде Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүнүн макамы өзүнчө белгиленбей калган. Бул эгер мыйзам кабыл алынып калса, автоматтык түрдө аталган мөңгүлөрдү казууга да тыюу салынып калат дегенди билдирет.

Биринчиси Суу кодексинин азыркы иштеп жаткан редакциясындагы (солдо), Министрлер кабинети сунуштаган жаңы редакциядагы (ортодо) жана депутат Гүлкан Молдобекова сунуштаган сунушундагы берененин тексти.

Өкмөт өкүлдөрү дал ушуну акыркы учурда гана түшүнүп, сунушту эл өкүлдөрүнүн атынан алып келген сыяктуу.

Кумтөрдүн азыркы абалы

Кумтөр кенинин негизги карьери. 
1/21 Кумтөр кенинин негизги карьери. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Карьердин жанында Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү жайгашкан. 
2/21 Карьердин жанында Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү жайгашкан. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманованын айтымында, “Кумтөр Голд” ишканасы 1995-жылдан тарта 2017-жылга чейин топурак, башкача айтканда калдыктарды төгө бергендиктен Давыдов жана Лысый эки мөңгүсүнүн этеги ээрип кеткен. 
3/21 Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманованын айтымында, “Кумтөр Голд” ишканасы 1995-жылдан тарта 2017-жылга чейин топурак, башкача айтканда калдыктарды төгө бергендиктен Давыдов жана Лысый эки мөңгүсүнүн этеги ээрип кеткен. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
4/21
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Учурда карьердин жанындагы кертилип турган мөңгүлөрдүн негизги бөлүгүн сактоо чаралары зарыл болуп турат. 
5/21 Учурда карьердин жанындагы кертилип турган мөңгүлөрдүн негизги бөлүгүн сактоо чаралары зарыл болуп турат. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
6/21
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Экологиялык талапка ылайык, калдыктар үчүн мөңгүсү жок атайын өрөөн тандалып, ошол жерге бийиктиги 60 метрден ашпагандай кылып топтолушу керек болчу. Ишкана мындай ишти 2017-жылдан баштап аткара баштаган.  
7/21 Экологиялык талапка ылайык, калдыктар үчүн мөңгүсү жок атайын өрөөн тандалып, ошол жерге бийиктиги 60 метрден ашпагандай кылып топтолушу керек болчу. Ишкана мындай ишти 2017-жылдан баштап аткара баштаган.  
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Биз көрүп турган 160 млн. куб таш-топурак курамында алтыны жок калдык.
8/21 Биз көрүп турган 160 млн. куб таш-топурак курамында алтыны жок калдык.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Заводдон алтыны иргелип алынгандан кийинки таш-топурак суйуктук түрүндө атайын уу калдык сакталган жайга төгүлөт.
9/21 Заводдон алтыны иргелип алынгандан кийинки таш-топурак суйуктук түрүндө атайын уу калдык сакталган жайга төгүлөт.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
“Кумтөр Голд” ишканасынын маалыматында уу калдыктар сакталган жайда 106 тонна алтын бар. 
10/21 “Кумтөр Голд” ишканасынын маалыматында уу калдыктар сакталган жайда 106 тонна алтын бар. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Кумтөрдөгү Петров мөңгүсүнөн пайда болгон көлдүн суусун тазалап, ишкана ичүү жана өндүрүш үчүн пайдаланат. Көлдүн аянты 400 гектардан ашат, 65 млн куб суу бар.
11/21 Кумтөрдөгү Петров мөңгүсүнөн пайда болгон көлдүн суусун тазалап, ишкана ичүү жана өндүрүш үчүн пайдаланат. Көлдүн аянты 400 гектардан ашат, 65 млн куб суу бар.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Петров менен уу калдык сактоочу жайдын аралыгы беш чакырым. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова уу калдыктар сакталган  жай талапка ылайык эмес курулганын айтат. 
12/21 Петров менен уу калдык сактоочу жайдын аралыгы беш чакырым. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова уу калдыктар сакталган  жай талапка ылайык эмес курулганын айтат. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
2021-жылы түзүлгөн Кумтөрдү иликтеген мамлекттик комиссия жалпы "Кумтөр Голд" ишканасы Кыргызстанга төлөп бериши зарыл деп, 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар доо койгон. Анын 3 миллиард 86 миллиону экологиялык зыян деп эсептелген. Бирок, 16-майда “Центерра Голд” айыптарды четке кагып, кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган. 
13/21 2021-жылы түзүлгөн Кумтөрдү иликтеген мамлекттик комиссия жалпы "Кумтөр Голд" ишканасы Кыргызстанга төлөп бериши зарыл деп, 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар доо койгон. Анын 3 миллиард 86 миллиону экологиялык зыян деп эсептелген. Бирок, 16-майда “Центерра Голд” айыптарды четке кагып, кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Кыргыз өкмөтү 17-майда "Кумтөргө" убактылуу тышкы башкаруу киргизген.15-майда Кумтөр кениндеги мөңгү, калдык, өндүрүш жана карьер жөнүндө маалымат берип турган системанын компьютерлери өчүп калган. Система 3-4 күндөн кийин калыбына келтирилген, ага чейин ушул жерден кол менен башкарылып турган.
14/21 Кыргыз өкмөтү 17-майда "Кумтөргө" убактылуу тышкы башкаруу киргизген.15-майда Кумтөр кениндеги мөңгү, калдык, өндүрүш жана карьер жөнүндө маалымат берип турган системанын компьютерлери өчүп калган. Система 3-4 күндөн кийин калыбына келтирилген, ага чейин ушул жерден кол менен башкарылып турган.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Алтын кендин өндүрүш боюнча аткаруучу директорунун милдетин аткарып жаткан, алтын иштетүүчү фабриканын менеджери Нурдин Усенов учурда Кумтөрдө кадимкидей иш жүрүп жатканын билдирди. 
15/21 Алтын кендин өндүрүш боюнча аткаруучу директорунун милдетин аткарып жаткан, алтын иштетүүчү фабриканын менеджери Нурдин Усенов учурда Кумтөрдө кадимкидей иш жүрүп жатканын билдирди. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Азыркы тапта кенде жалпы 3500 адам эмгектенүүдө. Алардын баардыгысы кыргыз жарандары.
16/21 Азыркы тапта кенде жалпы 3500 адам эмгектенүүдө. Алардын баардыгысы кыргыз жарандары.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Канадалык "Центерра Голд" ишканасы 24 жылдан бери Кумтөрдөн 400 тонна алтын өндүрдү.
17/21 Канадалык "Центерра Голд" ишканасы 24 жылдан бери Кумтөрдөн 400 тонна алтын өндүрдү.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
«Кумтөр» долбоору - өлкөдөгү эң ири ишкана. Орточо эсеп менен компания жыл сайын 16-17 тонна алтын казат. Быйыл 14,62 же 15,86 тонна алтын өндүрүүнү пландаган.
18/21 «Кумтөр» долбоору - өлкөдөгү эң ири ишкана. Орточо эсеп менен компания жыл сайын 16-17 тонна алтын казат. Быйыл 14,62 же 15,86 тонна алтын өндүрүүнү пландаган.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Кумтөрдөгү оор техникаларды оңдоочу жай. 
19/21 Кумтөрдөгү оор техникаларды оңдоочу жай. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Кумтөр өзгөчө кайтаруудагы жай. Жумушчулардан башка кишилер атайын уруксат менен гана кирет. 
20/21 Кумтөр өзгөчө кайтаруудагы жай. Жумушчулардан башка кишилер атайын уруксат менен гана кирет. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Кумтөргө кеткен жол. 
21/21 Кумтөргө кеткен жол. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Артка
Алдыга

"Давыдов менен Лысыйды өзүбүз талкалай берелиби?"

Депутат Балбак Түлөбаев комитеттин жыйынында так ушул маселе боюнча Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлерин сынга алды.

Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

“Ооба, бул Кумтөр бизге өтө электе эле кодексте бар болчу. “Давыдов менен Лысыйды талкалай бергиле” деп, канадалыктарга уруксат бергенбиз да. Азыр Кумтөр бизге өттү да. Биз “экологияны, мөңгүлөрдү сактайбыз” деп өзүбүзгө алдык да. Давыдов менен Лысыйды эми эмне өзүбүз талкалай берелиби?”

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атын атабаган өкүлү Кумтөр Кыргызстанга өткөнгө чейин аталган эки мөңгү боюнча тиешелүү иштер жүргөнүн, курчап турган чөйрөгө келтирилген зыяндар аныкталып, иш сотко өткөрүп берилгенин, соңунда “саясий жол менен чечилгенин” билдирди.

Кумтөр кениндеги Давыдов мөңгүсү. 2014-жылкы сүрөт.
Кумтөр кениндеги Давыдов мөңгүсү. 2014-жылкы сүрөт.

Суу ресурстары департаментинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн консультанты (жыйында аты-жөнүн атаган жок) эгер эки мөңгүнү казууга тыюу салынып калса, анда Кумтөрдүн иши токтоп каларын айтты.

“Жаратылыш ресурстары министрлиги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген редакцияга Юстиция министрлиги каршылык билдирип, бул вариантты алып салууну сунуштаган. Ошондуктан Жогорку Кеңешке аталган берене каралбаган ушул вариант кирип калган. А бул азыркы иштеп жаткан редакцияда бар болчу. Биз ошол эле пунктту калыбына келтирүүнү сунуштап жатабыз. Эгер биз жаңы кодексте сунушталып жаткан текстти алып салсак, анда Кумтөр эртең жабылып калат. Ал биздин экономиканын флагманы, салыкты көп төгөт. Тилекке каршы, ал мөңгүлөрдү булгап жатат”, – деди Суу ресурстары департаментинин атын атабаган эксперти.

Депутат Балбак Түлөбаев бул жоопко ынанбай, өкмөт өкүлдөрүн депутаттарды “экономика менен опуза кылып жатат” жатат деп сындады.

Дагы бир эл өкүлү Султанбай Айжигитов да бул тууралуу маселе көтөрүп, Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүнүн азыркы абалы тууралуу өкмөт өкүлдөрүнө суроо койду.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов ага минтип жооп берди:

Эделбек Кулматов
Эделбек Кулматов

“Бул боюнча адистер тагыраак жооп беришсин. Менин маалыматым боюнча, Кумтөрдүн бизге өткөнгө чейинки келтирилген зыяндан башкасы ошол эле абалда турат. Жалпылап айтканда, Кыргызстанда 10 миңден ашык мөңгү бар. Акыркы 15-20 жылда бардык эле мөңгүлөр эрип жатат”.

Депутаттар ага карабай соңку сунуш редакциялык оңдоп-түзөтүү эмес экенин белгилешип, ал өзүнчө мыйзам менен келиши же аталган кодекс кайрадан иштелип чыгышы керектигин белгилешти. Алар мындай типтеги өзгөртүүлөр үчүнчү окууда келгенин регламентке шайкеш келбеген көрүнүш катары сыпатташты.

Депутат Султанбай Айжигитов мыйзамды артка кайтарууну сунуштады:

Султанбай Айжигитов
Султанбай Айжигитов

“Бул жөн эле эки мөңгүнү бузганга уруксат берүүчү сунуш экен. Бул мыйзам долбоорун таптакыр кайтарыш керек. Мөңгүлөрдү сакташ керек деп келе жатсак, бул жерде ага тескери нерсени алып келип алышыптыр. Мен таң калып жатам, бул кантип үчүнчү окууга чейин келип калды? Суу деген алтындан кымбат нерсе. Бул долбоорду кабыл албаш керек”.

Мындан соң Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаев Гүлкан Молдобекова сунуштаган вариантты добушка коюп, ал өткөн жок.

Андан соң Суу кодексинин баштапкы редакциясы добушка коюлуп, үчүнчү окуудан кабыл алынды.

Маселе кандай чечилиши мүмкүн?

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына качан чыгары белгисиз. Ал жактан кабыл алынар-алынбасы же ага президент кол коёр-койбосу да так эмес. Себеби документ бул үлгүсүндө кабыл алынса, анда Кумтөр кенинде ишти токтотууга туура келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев “Азаттыкка” берген комментарийинде буларга токтолду:

Алишер Эрбаев
Алишер Эрбаев

“Суу кодекси менен Жер кодексин жаңыдан кабыл алуу маселеси үч жылдан бери эле келатат. Бир нече жолу өзгөртүү, түзөтүүлөр, коомдук талкуулар болду. Соңунда Министрлер кабинетинин ошол учурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун колу менен келип түшкөн. Парламентте канча талкуулар өттү. Анан башында өздөрү ушундай сунушту берип, эки окуудан кабыл алынган. Экинчи окуудан 1 ай 11 күн өткөн соң редакциялык түрдө, ошол сунуш келип жатпайбы. Бул редакциялык оңдоп-түзөө эмес, эгер биз аны кабыл алып койсок, анда регламент бузулат деп айттым. Экинчи окууга кайтарган күндө да мындай өзгөртүү киргизүүгө болбойт. Бул жерде аткаруу бийлигинде бир эле жолу калды, алар мындай сунуш алып келебиз дешсе же мыйзам долбоорун кайрадан сунуштап, кайрадан бардык процедуралардан өткөрүп алып келиши керек. Бул кайрадан үч айдан алты айга чейинки убакытты талап кылат. Бирок менимче, биз баары бир Суу кодексин жаңыдан кабыл алышыбыз керек. Анткени мурдагы кодекс өтө эскирген”.

Кыргызстандын бийлиги канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясы иштеткен өлкөдөгү эң ири Кумтөр кенине 2021-жылы тышкы башкаруу киргизип, 2022-жылы аны толук өзүнө өткөрүп алган.

Учурда “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканаларында Кумтөр кениндеги Борбордук, Сары-Төр жана Түштүк-Батыш деген тилкелерди иштетүүгө лицензиясы бар. Алардын аянты 16,3 миң гектарды түзөт. Аларда алтын азайып баратат.

Ушундан улам компания 2023-жылы Тоголок кенин казууга жана Жангарт аянтчасын чалгындоого лицензия алган. Маалыматтарга ылайык, чалгындоо иштери үч жылга созулат. Баштапкы эсептөөлөр боюнча Тоголок кенинде 17 тонна алтын запасы бар.

Кумтөр кени. 2021-жылкы көрүнүш.
Кумтөр кени. 2021-жылкы көрүнүш.

Эң башкысы, компания иштеп турса, кеп болуп жаткан Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн алдын казууну уланта берүүгө туура келиши мүмкүн.

"Иш жүзүндө мөңгү дээрлик калбады"

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда кабыл алынган Суу кодексинин негизинде аталган мөңгүлөрдүн канча бөлүгү талкаланганы, азыр канча пайызы калганы тууралуу так маалымат жок.

Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков "Азаттыкка" сөз болуп жаткан эки мөңгүнүн азыркы абалы тууралуу маалымат берди:

Дүйшөнбек Камчыбеков
Дүйшөнбек Камчыбеков

"Мөңгү тууралуу маселе көтөрүп, аны сактоо жөнүндө айтылып жатканы туура. Ошол эле мезгилде муну Кумтөр кенинде алтын өндүрүү призмасынан да кароого туура келет. Кезинде Кумтөрдүн негизги бөлүктөрүндөгү алтындын баары казылып, калган кендин уюгу так ошол Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн алдында турары аныкталган. “Центерра” ал тургай аларды казууну 2012-жылдан бери акырындап жылдыра баштаган. Ошондон улам президент Алмазбек Атамбаевдин бийлиги 2017-жылы 4000-4200 горизонттордо жайгашкан мөңгүлөрдүн астын да казууга уруксат берип, ал толтура талкууларды жаратканын билебиз. Кен “Центерранын” колунда турган маалда алар мөңгүлөрдү башка калдыктар менен чогуу эле ташып чыгарып, бир жерге төгүп келген. Ошонун кесепетинен кендин 1 млрд тоннадан ашык иштетүүгө жараксыз катмары жылып кетип, натыйжада техника оңдоочу жайы талкаланып, көмөк чордонго, лагерге чейин жетип калган. Компания чоң чыгымга учурап, алардын баарын жылдырып тынган. Бул долбоор бизге өткөн соң Кыргызстандын адистери мөңгүлөрдүн астындагы руданы аларда мөңгүнү башка таза жерге жеткирип, жайгаштырып жатышат. Андан соң астында бургулоо иштерин жүргүзүп, кенди казып жатышат. Мен адис катары барып, мөңгүлөрдү өз көзүм менен да көрүп келип жатам. Иш жүзүндө мөңгү дээрлик калбады, жокко эсе болуп калды. 2012-жылдан бери казылып жаткан болсо 12-13 жыл болот экен, түгөнөт да".

2021-жылы кенден 14,6 тонна алтын алынган. Мунун 4-5 тоннасын Кумтөргө ага чейин ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы чыгарып кетсе, 10 тоннасы Кыргызстандын өзүндө калган.

2022-жылы 17,3 тонна алтын, 2023-жылы 13,5 тонна өндүрүлгөн. 2024-жылдын 10 айында 9 тонна 316 килограмм алтын өндүрүлгөн, 12 айдын эсеби чыга элек.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG