Министрлер кабинети Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжал аймактарында калган кыргызстандык жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 11-мартта чыгарган буйругунун негизинде атайын план иштелип чыкты. Бул тууралуу маалымат 13-мартта "Токтом" порталына жарыяланды.
Ага ылайык, Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышуу зонасында калган кыргызстандык жарандарды эвакуациялоо планы иштелип чыкты. Аталган планды ишке ашыруу үчүн жооптуу координациялык орган болуп Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бекитилди.
ТИМдин 11-марттагы маалыматына караганда, Жакынкы Чыгышта кырдаал курчугандан бери ал жактан Кыргызстандын 300 жараны алынып келинди.
Перс булуңунда калып калган кыргызстандык жарандарды эвакуациялоо 4-мартта башталган. Акыркысы 8-мартта жүргүзүлүп, Катардан, анын ичинде Доха шаарындагы круиздик лайнерден чыгарылган 166 кыргызстандык алынып келинген.
Тышкы иштер министрлиги Перс булуңу аймагында 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин 2-марттагы брифингде кабарлаган.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан сокку урган. Түрдүү чабуулдар токтой элек. (ZKo)