БШК Шаирбек Ташиевди өз арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыратты

Шаирбек Ташиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу 14-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул күнү БШК жыйынында Ташиевдин мандаты анын өз арызынын негизинде токтотулду, депутаттык ырастамасы жараксыз деп таанылды.

Ташиев мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазганы ушул эле күнү белгилүү болгон.

13-мартта ал Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгында сурак бергени кабарланып, бирок кайсы иш боюнча экени ачыкталган эмес.

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Шаирбек Ташиевге байланышкан ар кандай видеолор чыгып жаткан. 10-мартта социалдык тармактарда “Жусупбек Коргонбай уулу менен Шаирбек Ташиевдин кумаркана боюнча сүйлөшүүсү” делген тасма тараган. Ташиев өзү бул тасма тууралуу комментарий берген эмес. Ал эми Жусупбек Коргонбай уулу тасмадагы сүйлөшүү болгонун "Азаттыкка" ырастаган.

Мурдагы вице-премьер-министр, УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиев агасы кызматтан бошотулгандан кийин "Азаттыкка" курган маегинде депутаттык мандатын шайлоочулары гана алууга укуктуу экенин айткан.

50 жаштагы Шаирбек Ташиев 2021-жылы Жогорку Кеңешке Жалал-Абад бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган. 2025-жылы Манас шаарынын жана Сузак районунун бир бөлүгү кирген округдан кайрадан утуп келип, мандат алган.

Ушуну менен Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын алты депутаты мандатын тапшырды - Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Кубанычбек Конгантиев, Курманкул Зулушев жана Шаирбек Ташиев. Дагы бир депутат Жанарбек Акаев президенттин буйругу менен Ош шаарына мэр болуп дайындалган.(ZKo)

Дагы караңыз

Абактагы Ирина Карамушкина ырайым сурап президентке кайрылдыИрандын соккусунан кийин Израилдин борбордук аймагында өрт чыктыЖакынкы Чыгыш: Трамп Харг аралындагы "бардык аскердик бута" жок кылынганын айттыТИМ: Жакынкы Чыгыштан кыргызстандыктарды эвакуациялоо улануудаСот аткаруу кызматынын жетекчи орун басарынын өлүмү иликтенүүдө