Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев мандатын тапшырган себебин "cаясий стабилдүүлүктү сактоо үчүн" деп түшүндүрдү.
"Бул чечимди кабыл алуу жеңил болгон жок. Бирок ар бир кадамымды мамлекеттин кызыкчылыгын жана элдин ишенимин эске алуу менен кабыл алып келгем. Өлкөбүздөгү саясий стабилдүүлүк, элибиздин тынчтыгы үчүн мен бул кадамга барууга аргасыз болдум. Акыркы мезгилде социалдык тармактардагы мага, менин үй-бүлөмө жана менин жакындарыма болгон каралоо, жалгандарды жайылтуу менин жана менин жакындарымдын тынчтыгын бузду", - деп туюк гана түшүндүрдү ал.
Бир күн мурун Шаирбек Ташиев Ички иштер министрлигинде (ИИМ) суракта болгону кабарланган. Ал кайсы иш боюнча жана кандай макамда сурак бергенин ИИМ да, эми экс-депутат болуп калган Ташиев өзү да комментарийлей элек.
Буга чейин ал “Азаттыкка” комментарий берип, депутаттыктан кетпей турганын, мандатын шайлоочулары гана талап кылса тапшырарын айткан эле:
Шаирбек Ташиев
“Менин мандатымды талаша турган 24 миң гана шайлоочум бар. Алардан башка эч ким мандатыңды тапшыр деп айта албайт. Ар ким айта берсин “мандатыңды тапшыр” деп. Мен эли-журтума кызмат кылып, шайлоочуларымдын укугун коргоп жатам. Ошол шайлоочуларым “сага ишенбей калдык, тапшырчы” десе анда тапшырам. Бирөө тапшыр десе, бирөө коркутса коркуп кала турган адам эмесмин. Биз Ташиевдер ушундай духу бар адамдарбыз, элге акыркы күнүбүзгө чейин кызмат кылабыз”.
10-февралга чейин Улуттук коопсуздук комитетин жетектеп, өлкөдөгү иш жүзүндөгү экинчи адам катары кабыл алынып келген Камчыбек Ташиев кызматтан алынганы иниси Шаирбек Ташиев тууралуу соцтармактарга абдан көп компромат мүнөзүндөгү маалыматтар жарыяланган. Мындан улам саясаттагы кенже Ташиевдин мандаты боюнча маселе козголобу деген сөздөр жүрүп жаткан эле.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ташиев менен Зулушев мандаттан ажырады
Акыркы жолу 10-мартта социалдык тармактарда "Жусупбек Коргонбай уулу менен Шаирбек Ташиевдин кумаркана боюнча сүйлөшүүсү" делген тасма тараган. Коргонбай уулу тасмадагы сүйлөшүү болгонун "Азаттыкка" ырастаган.
Мындан сырткары Шаирбек Ташиевдин былтыр декларацияда көрсөткөн 12 миллиард сомдук мүлкү тууралуу талкуу күчөп, мындай көлөмдөгү мүлктү кантип топтогон деген суроо коомчулукта токтобой келет. Экс-депутат өзү 12 миллиард сомдук мүлкү жоктугун, аны декларацияга жөн эле жазып койгонун айтып түшүндүргөн.
50 жаштагы Шаирбек Ташиев чоң саясатка 2021-жылы Жалал-Абад округунан депутат болуу менен аралашкан. Алгач анын депутат болушуна агасы Камчыбек Ташиев каршы экенин билдирип, иниси мандатын тапшырып, саясаттан алыс болорун расмий түрдө жар салган. Бирок бул билдирүү ишке ашпай, унутта калган. Тескерисинче, Шаирбек Ташиев агасы бийликте турган учурда парламенттеги таасирдүү фигуралардын бирине айланганы саясий чөйрөдө айтылып жүргөн.
Былтыр ноябрдагы шайлоодо болсо №11 округдан кайрадан шайланып, өлкө боюнча эң көп добуш алган депутаттардын бири болгон. Аны менен атаандаш ат салышчу талапкер да көп чыккан эмес.
Ташиевдин парламенттеги иниси агасы кызматтан кетпесе жүрө бермегин, анын мандат тапшыруусу Жогорку Кеңеште президенттик шайлоону эртелей өткөрүүнү каалаган тымызын ишке байланыштуу болушу ыктымалдыгын айрым эксперттер белгилешет. Соңку учурдагы мандатынан ажырап жаткан депутаттар көпчүлүгү дал ушул ишке аралашкандар болушу мүмкүн экенин активист Мавлян Аскарбеков белгиледи:
Мавлян Аскарбеков
"Кетип жаткан депутаттардын жана кете тургандардын ар бирин анализдей турган болсок, Ташиевдин түздөн-түз жардамы жана колдоосу менен келгендер. Мен муну ачык эле айтып келе жатам. Биз элди алдабашыбыз керек. Кеткендердин так себеби ошол. Тилекке каршы, биздин саясатта жогорку трибунадагы депутаттар элди алдоо менен мандатын тапшырып кетип жатканы өкүнүчтүү”.
Бир күн мурун мурдагы башкы прокурор, кыргыз саясатындагы акыркы жылдардагы активдүү фигуралардын бири Курманкул Зулушев да депутаттык ишмердигин токтотту. БШК мындай чечимге Зулушевдин өзүнүн арызы себеп болгонун билдирген.
Саясатчы өзү соңку кадамы боюнча комментарий бере элек.
56 жаштагы Зулушев 10 жылдан бери активдүү саясатта жүрөт. Анын ысымы коомчулуктун калың катмарына 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда таанылган. Ошол жылы ал төрагалык кылган, үч судьядан турган коллегия Жогорку Кеңештеги ошол кездеги “Ата Журт” фракциясынын үч депутаты – Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду актаган чечим чыгарган. Андан кийин судьялык кызматтан алынып, өзү актаган ал кездеги оппозиционерлер менен бирге саясатка аралашкан. Тагыраагы, 2015-жылы “Республика-Ата Журт” партиясынын тизмеси менен депутат болсо, 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин башкы прокурор болуп дайындалган. Бул кызматта турганда өлкөдөгү таасирдүү адамдардын бири катары сыпатталып жүрчү. Башкы прокурорлуктан 2024-жылдын жай айларында бошотулган.
Былтыркы шайлоодо №10 округдан депутат болуп шайланып, парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасы болгон эле. Зулушевдин мандатын тапшырышына дал ушул комитеттин төрагасы болуп туруп эртелей шайлоо өткөрүүнү сунуштаган 75 адамдын кайрылуусуна байланыштуу ишке аралышып калышы мүмкүн деген жоромолдор айтылып жатат.
Дагы караңыз "Бөлүнүп-жарылуу мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат". Жапаров депутаттарга кайрылдыБуга чейин депутат Талант Мамытов аталган кайрылуу парламентке жетип, тиешелүү комитетте кароо алдында турганын билдирген.
Зулушев бул боюнча үн каткан эмес. Ал акыркы билдирүүлөрүнүн биринде Камчыбек Ташиев кызматтан кеткен соң каралоо болуп жатканын билдирген.
"Президенттин да, Камчыбек Кыдыршаевичтин да жөндөмүн, аракетин, пейилин, мамлекетчил экенин жакшы билебиз. Камчыбек Кыдыршаевич өзүн, үй-бүлөсүн, өмүрүн тобокелдикке салып мамлекет үчүн иш кылды. Бирок азыр мамлекеттик кызматкерлер, саясатчылар убакыттан пайдаланып ал кишиге жаман сөз айтуудан өйдө болушубуз керек", – деген ал.
Зулушевдин мандат тапшырышын мурдагы депутат Сайдулла Нышанов соңку окуяларга байланыштырып жатат.
Сайдулла Нышанов
"Депутаттыкка адамдар көп убакыт даярданып барат. Айрымдар миллион долларга чейин чыгым болот. Ошондой чыгымдарды коротуп, көп добуш алгандар жөн эле кетип калбайт. Зулушев боюнча айтсак, ал прокурор, сот, кийин башкы прокурор болгон адам. Бул кишини жөн эле кет десе кетип кала турган адам эмес. Менин пикиримде, кандайдыр бир документти көрсөтүп же чоң кемчилиги үчүн жазды деп ойлоп турам. Мурунку жазгандар да жөн эле жазып кетпейт, алардын дагы бир маселелерин таап көрсөткөндөн кийин жазды го деп ойлоп турам. Негизи тергөө бул иштердин бир бөлүгүн чыгарыш керек болчу элге. Элге дагы так маалымат жетпегендиктен ушак кептер көп болуп кетип жатат. Кетишине булардын бир себептери бар. Ансыз булар жаш балдар эмес. Буларды чочутуп, коркутуп же алдап жаздырыш кыйын. Бир шарт болду, муну тергөө чыгарабы же чыгарбайбы, белгисиз. Менин пикиримде чоң нерсе бар".
Ошентип, Камчыбек Ташиев кызматтан кеткен соң кызыган саясий чөйрөдөгү процесстер, кадрдык жүрүштөр дале болсо уланууда. Парламентте мандат тапшыруу жараяны кадимки көрүнүшкө айланды.
Юрист Клара Сооронкулова мандат тапшыргандардын аракети боюнча мындай деген пикирин билдирди:
Клара Сооронкулова
"Бул мамлекет үчүн жаман көрүнүш болуп жатат. Мандат — элдин болгон ишеними да. Эл шайлаган депутат мен кеттим деп эле кетип калганы, менин пикиримде, туура эмес. Жоопкерчиликти жөн эле кечип кетип жатат. Экинчиден, көшөгөнүн артында басым-кысым болуп жатканы. Ошол тоскоолдуктарга туруштук бере албаса, анда ал Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу укугуна ээ эмес дегенди билдирет. Авторитардык же президенттик мамлекет болгон күндө да Башкы мыйзамда жазылып турат бийликтин үч бутагы. Булардын аракети биз өзүбүздүн бийлигибизге ээ боло албайбыз дегенди билдирет".
Чынында эле Курманкул Зулушевди эсепке алганда соңку бир айда Жогорку Кеңеште алтынчы депутат өзү арыз жазды деген түшүндүрмө менен мандатынан ажырады. Алардын айрымдары камакка да алынды. Буга чейин саясий чөйрөдө парламентте мандатын тапшырчу бир катар депутаттар бар экенин айтылган учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев мындай кептерди четке каккан эле. Бирок соңку мандат тапшыруулар спикердин билдирүүсүн төгүндөгөндөй болду.